Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

Садыр Жапаров: Апрель ыңкылабы демократияга жол ачкан


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "апрель окуясынын башкы натыйжасы - мамлекет демократиялык жолду тандап алганы болду", - деп билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 2010-жылдагы 7-апрель окуясына байланыштуу кайрылуусунда айтты.

Жапаров 2010-жылы 7-апрелде "Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин ээси экендигин көрсөткөнүн" белгилеп, өлкөнүн эгемен тарыхында бул "орду толгус жоготуулар коштолгон окуя болуп каларын" айтты.

“Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду", - деп айтылат кайрылууда.

Мамлекет башчы кайрылуусунда 7-апрель окуясынын сабагы катары бийликти тынч жол менен өткөрүү керек экенин белгилеген.

Токсонго жакын кишинин өмүрү кыйылган 7-апрель окуясына быйыл 11 жыл болду. Кийин жаракат алгандар арасында каза болгондорду кошкондо жалпысынан 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Бакиев ушул тушта Беларуста баш калкалап жүрөт

Окуянын 11 жылдыгына карата бүгүн Бишкекте өлкө жетекчилери катышкан эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Жапаров "Ата-Бейит" тарыхый комплексиндеги Апрель окуясында курман болгондорго арналган мемориалдык эстеликке жана Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл чамбар коюуда. (TSh)

XS
SM
MD
LG