Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Бүбүйра Кыдыралиева. Тоталитаризмдин кылмыштуу пардасын сыйырган каарман


Бүбүйра Кыдыралиева
Бүбүйра Кыдыралиева

Айтылуу Бүбүйра (Бүбүра) Кыдыралиева эне дүйнө салды... Кийинчерээк “Ата Бейит” аталып калган жайдагы сталиндик көмүскө көрүстөн тууралуу шардана кылган бул карапайым жана каарман эне тууралуу кичүү замандашынын эскерүү иретинде сунуштаган блогу.

Карапайым атуулубуз болгон Бүбүйра Кыдыралиева эне 2024-жылы 14-августта арабызды түбөлүккө таштап кетти.

Анын каармандыгынын маңызын көзүнүн тирүүсүндө ачык талдоого далалат кылганыбыз жана азыр да ал тууралуу эркин баяндап жатканыбыз үчүн миң мертебе шүгүр.

Жашыруун сырды ачыктоо аркылуу тоталитардык түзүлүштү ашкерелеген

Бүбүйра Абыкан кызы Кыдыралиева эне 1928-жылы 27-сентябрда Сары Өзөн Чүйдө (азыркы Кыргызстандын Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында) жарык дүйнөгө келген.

Анын атасы Абыкан 1938-жылдын ноябрынын башында азыркы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү дөңсөө жерде мурда кыш бышырылган эски жайдын чуңкуруна биринин үстүнө бирин ыргытып көмүлгөн 137 замандашынын сөөгүн тымызын жашыруу окуясына эрксиз күбө болуп калган.

Далай чыгаандар жаткан бул жашыруун көрүстөн жөнүндөгү купуя сырды катып жүрүп, Абыкан ата өлөрүнө аз калганда өз кызы Бүбүйрага айтып, “акыры бир дурус заман келгенде, ачыкка чыгар” деген осуятын калтырат.

Тээ горбачёвдук “Кайра куруулар” доорунун акыркы жылдары гана, өзгөчө, 1988-жылдын соңунан тартып, Кыргызстанда маалымат кыйла эркин айтыла баштаган. Айрым мурда жазыксыз жерден сталиндик репрессияга кабылып, атууга кеткен жана ысымдарын ачык айтууга “табу” жарыяланган нечендеген залкар кишилер жаңы күч менен расмий актала башташкан.

1988-жылдагы “кош тилдүүлүк” үчүн күрөш, 1989-жылдагы “Ашар” козголушунун жана башка бейөкмөт уюмдардын негизделиши, 1990-жылы май айында “Кыргызстан” демократиялык кыймылы (КДК) уюмунун түзүлгөндүгү, ошол жылы күзүндө Жогорку Кеңеште партиялык башкы төбөл Абсамат Масалиевдин президенттикке шайлана албай калышы, ошол жылы декабрда Кыргыз Республикасынын эгемендиги тууралуу декларациянын расмий кабыл алынышы, жумурияттын расмий аталышынан тоталитардык доордун энчиси болгон “советтик” жана “социалисттик” сөздөрүнүн биротоло алынып ташталышы, кыргызстандык гезиттердин жана сыналгы жана үналгы компаниясынын көйгөйлөрдү ачык талдай башташы сыяктуу окуялар Бүбүйра апаны дагы “маалымдуулук заманы эми келди” деген тыянакка түрткөн.

1991-жылдын жаз мезгилинен тартып Бүбүйра апа өз көөдөнүнө жеке сыр кылып катып келген чындыкты ачык айта баштаган. (Балким, ал 1990-жылы деле бул жаатта ачык айтып келгендир, бирок чечүүчү учур – 1991-жылдын жазы болду го деп санайм).

Албетте, Бүбүйра апабызга дем берген, шыктандырган, сырдаш болгон, бирок аттары ачык айтылбай келе жаткан башка да замандаштарыбыз деле бар.

Алардын арасында Кыргыз улуттук университетинин мурдагы кафедра башчысы жана доценти, филология илимдеринин кандидаты, немис тили жана адабияты боюнча адис Гүлай Байтерекова эжени айта алам. Ал эжеке Бүбүйра апаны бир катар эркинирээк маалымат таркаткан жергиликтүү басылмалардагы журналисттерге да тааныштырган. (Учурда Г.Байтерекова эже Германияны байырлап келет).

Гүлай эжеке 1991-жылы жазында бизге да Бүбүйра апаны алгач тааныштырган эле.

Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдырахманов. 29-сентябрь, 2020-жыл
Бүбүйра Кыдыралиева менен Болот Абдырахманов. Бишкек, Кыргызстан. 29.9.2020.

Ошол кезде СССР Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (КГБнын) Кыргызстандагы бөлүмүндө иштеп жүргөн жаш офицер Болот Абдырахмановго да бул сыр жөнүндөгү маалымат жетет.

Бишкектеги “чекисттер” бул сырдын түйүнүн чечүү үчүн атайын тергөө тобун түзүшкөн. Айтмакчы, ага мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) ага окутуучусу, дасыккан археолог, түпкү теги беларус Михаил Иванович Москалёв (1942–2013) агайыбыз да чакырылган.

Ыраматылык М.Москалёв агайыбыз бизге КУУда (мурдагы КМУда) сабак берип калды, кийин чогуу иштештик. Михаил Иванович менен кийинчерээк далай ирет баарлаштык, бирок ал “Ата Бейит” деп аталып калган жайдагы чуңкурду казуунун чоо-жайын эч айтпай койгону эсимде. Сыягы, сырга бекем бул агайыбыз ошондо коопсуздук кызматтарына өзгөчө тил кат жазып берген көрүнөт.

1991-жылдын жайында КГБнын офицерлери кылдат көзөмөлгө алган жана тымызын жүзөгө ашырылган археологиялык казуу иштери маалында Бүбүйра апанын сөзү чын чыгып, Чоң-Таштагы эски кыш заводундагы мештин чуңкурунан киши сөөктөрү жапырт жана үстү-үстүнө башаламан көмүлгөн белгисиз көрүстөн табылган.

Бул иликтөө тобунун кайсы бир өкүлдөрү КГБнын жашыруун архивиндеги маалыматтарды да таап чыгышып, көмүлгөн сөөктөр кимге таандык болгондугу жалпы жонунан такталган.

Ошентип, бул 137 кишинин кимдиги да расмий аныкталган. Көп этностун өкүлү болгон сталиндик курмандыктардын бир далайы мурдагы советтик Кыргызстандын “каймактарынан” болгондугу маалым.

Маселен, 1920–30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Жусуп Абдыракманов (Абдрахманов), Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Хасан Жээнбаев, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Иманаалы Айдарбеков, кыргыздын чыгаан илимпозу Касым Тыныстанов дал ушул эски мештин чуңкуруна көмүлгөн эле.

Алардын арасында ысымы архивдик маалымат аркылуу эч аныкталбай калган белгисиз аялдын сөөгү да болгондугу жөнүндө айтылып келет. Анын кимдигин тактоого болочокто мүмкүн болобу, же жокпу, аны мурдагы КГБнын архивдерин толук ачуу иши жүзөгө ашкан соң гана айта алабыз.

(Сөөктөрдүн ДНКсын текшерүү технологиясы азыркы тапта дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдө бар, бирок Кыргызстанда бүгүн дагы бул жаатта эч бир лаборатория жок. Демек, болочокто “Ата Бейитте” технологиялык иликтөөлөр улантылышы абзел).

Ал эми советтик Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөгө зор салым кошкон Абдыкадыр Орозбеков (1889–1938) бабабыздын сөөгү кайсы жерде көмүлгөнү азыркы тапта да белгисиз кала берүүдө.

Демек, бейкүнөө 138 кишинин сөөгү Чоң-Таштын түштүгүндөгү жапырт көрүстөнгө жашыруун коюлган болчу. Албетте, бул жалпы көрүстөндү ашкерелөө – 1991-жылдын жайындагы өзгөчө олуттуу окуя болду.

Ошол жылы жайында КДК жана “Ашар” козголушу сыяктуу уюмдардын жигердүү өкүлдөрү Кыргызстандын бийликтеринин колдоосу астында “Өмүр көчү–75” жөө жүрүшүн уюштурушуп, Чүйдөн Бедел жана Торугарт ашууларына чейин жүрүш менен коштолгон коомдук эскерүү чараларын жүзөгө ашырышкан.

Алар 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш маалында эгемендик туусун көтөрүп, оторчуларга каршы салгылашта набыт кеткен каарман бабаларды эскеришкен.

Ал эми Чоң-Таштагы көрүстөн болсо советтик Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салып кошуп, 1938-жылы жазыксыз жерден набыт кеткен бабалардын көмүскө орток бейити болуп чыкты.

Заманабыздын чыгаан айдыңы Чыңгыз Айтматов 1991-жылы 30-августта бул орток бейиттеги 137 кишинин сөөгүн кайра аруулап, жаңы жайга коюуга өзү да катышты (анын атасы Төрөкул Айтматов дагы ушул көрүстөндө жатат). Жазуучу жана коомдук ишмер Ч.Айматовдун сунушу менен жаңы расмий көрүстөн “Ата Бейит” деп аталып калды (2008-жылы июнда анын өзүнүн сөөгү дагы бул ыйык жайга коюлду).

“Ата Бейит” эскерүү жайынын түштүк-чыгышыраактагы ыптасында алиги эски мештин чуңкуру азыркыга чейин музейдин ачык бөлүгү катары сакталып келет.

Бул “Ата Бейит” эскерүү жайындагы музейди ушул тапта тарых илимдеринин доктору, профессор Болот Абдырахманов жетектөөдө. Ал мурдагы КГБнын архивдериндеги жазыксыз репрессиялангандардын ысымдары ачыкталган 10 томдук жыйнакты жарыялоого да салымын кошту. Демек, ал “Ата Бейит” сырын ачууну андан ары ырааттуу улантып келет.

Ушул ийгиликтердин бардыгы Бүбүйра Кыдыралиева апабыздын жеке каармандыгынын аркасында жүзөгө ашырылды. Бул тыянакты ар дайым баса белгилөө – биздин парызыбыз.

Ага Кыргызстанда “Эрдик” медалы ыйгарылган, КУУ жана КУУ сыяктуу айрым университеттердин ардактуу профессору наамы да берилген.

Эң башкысы Бүбүйра апанын жашыруун сырды ачыктоосунун негизинде, мурдагы тоталитардык коомдон бошонгон жумурияттардын ичинен Кыргызстан алгачкы болуп тоталитаризм курмандыктарын эскерген атайын ири көрүстөндү – “Ата Бейит” эскерүү жайын расмий негиздеген.

Дал ошол эскерүү жайы расмий ачылган күндүн эртеси – 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялагандыгы дагы өзгөчө символдук окуя болуп саналат.

Карапайым Бүбүйра апа, ошентип, Кыргызстандын эгемендигин чыңдоого да кыйыр салым кошо алган инсан катары ардактоого арзыган инсан.

Кош бол, тоталитардык коом

Мурдагы СССР – коомду керемет гуманисттик идеяларга сугарып жатып, ошол эле маалда белчесинен канга батырган азаптуу доорду да өзүнө камтыган.

Саясий зоболо үчүн гана эмес, жан соога сураш үчүн да башка кишилерди каралап чыгуу жарандар үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган сталиндик зулум коом дал ушул СССРдин алкагында калыптанган.

Ал доор тээ алыскы мунарыктаган болочокто курулчу дүйнөлүк коммунизм идеясына чакыруу менен миллиондогон кишилердин башын айлантып, бир эле учурда өзүнүн эле доорунда жетекчи партиялык төбөлдөрдүн (партократтардын) тар чөйрөсү үчүн гана “коммунисттик жыргалчылык” куруп берген эки жүздүү заман болгон.

Ал доорду акын Казыбек Мамбетимин уулу “падышаны кулатып, партияны хан кылдык” деп таамай сүрөттөгөн эмеспи.

Анын сөзүн андан ары тактасак, ошол заман жеке басар партиянын жетекчиси нагыз хан болуп калган зулум доор эле.

Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котор.: Ынды Кара, Ильяс Каныбек. – Бишкек, 2020.. – Китептин мукабасы.
Оруэлл, Жорж. Айбан ферма / Англисчеден котор.: Ынды Кара, Ильяс Каныбек; сүрөттөрдү тарткан Чолпон Аламанова. – Бишкек: MaxPrint, 2020. –148 б. – ISBN 978-9967-9235-6-0. – Китептин мукабасы.

Британиялык жазуучу, публицист Жорж Оруэллдин “Айбан ферма” (Animal Farm) деген чыгармасы дал ошол доордун маңызын бир ураанга кошумчалоо аркылуу берген.

Тоталитардык коомду шылдыңга алган бул чыгармада мурдараак бардыгынын бүйүрүн кызыткан ураан дубалда илинип турат.

Анда:

"Бардык айбандар – тең укуктуу" деген сөздөр камтылган.

Бирок бул ураан аркылуу бийлик тизгинин өз колуна бекем кысып алган төбөлдөрдүн мындайча сөздөрү кийинчерээк кошумчаланган:

"Бирок кээ бир айбандар

Башкаларга караганда

Көбүрөөк укуктуу!"

Албетте, мындай кырдаалда бийликтин жогорку серелеринде узакка калуу дагы партократтар үчүн оңойго турбайт.

Алар өздөрүн жетектеген диктатордун ар бир жаңы демин сезип, ар бир сөзүн ашыгы менен жүзөгө аткарууга даяр болууга умтулушат.

Өзүнүн жалаага кабылып, ГУЛАГга түшкөн жубайын сталиндик тоталитардык машиненин азуусунан чыгара албаса да, “бүткүл союздук староста” деген жалган атакка манчыркаган Михаил Калининди, репрессияларды ашыгы менен жүзөгө ашырып, кайра өзү чыңдаган сталиндик массалык ажал капканына түшкөн Николай Ежовду мындай коёлу, 1950-жылдардын экинчи жарымында Иосиф Сталиндин жеке керт башына сыйынууга каршы өнөктүктү үгүтчү катары баштан кечирген (1955–56-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин органы болгон “Советтик Кыргызстан” гезитинин редактору болгон) Турдакун Усубалиевди, 1970-жылдары “Кыргызстандын Советтер Биримдигинен чыгып кетүүгө конституциялык укугу бар” деген жөнөкөй гана жобону бадырайтып илимий эмгегине жазып койгондугу үчүн укукчу профессор Кубанычбек Нурбековду куугунтуктаган дал ушул коммунист төбөлдү жана анын жөкөрлөрүн кантип унутууга болот?

1991-жылы 31-августта Кыргызстан мурдагы Советтер Биримдигинин чидеринен гана бошонбостон, тоталитардык коом менен дагы кош айтышкан.

Элеси ар дайым дилибизде

Карапайым Бүбүйра Кыдыралиева апабыздын өтө олуттуу жекече сырын коомчулук менен бөлүшүүсү, иш жүзүндө, тоталитардык коомдун зулумдугунун өзгөчө бир олуттуу кылмыштуу окуясын ашкерелөөгө жол ачкан айырмалуу тарыхый окуя болду.

Бүбүйра апабыз тууралуу даректүү тасмалар дагы жаралды, ал тууралуу китептерде да ачык жазылууда.

Албетте, анын өзүнө "жылуу сөз дурустап айтылбай калды, мыкты сыйлыктарга ээ болбой калды" деген сыяктуу айың кептер айтыла калып жүрөт. Булардын кээ бирөөлөрү курулай шыкак сөз катары сезилет.

Маселе эч кандай расмий сыйлыкта эмес. СССРдеги даңазалуу коомдук ишмер жана илимпоз, укук коргоочу, академик Андрей Сахаров (1921–1989) кезинде Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына үч ирет татыган, бирок анын бардык сыйлыктары 1980-жылы советтик бийликтер тарабынан жокко чыгарылган; ал өзү 1980–1986-жылдары Горький шаарында сүргүндө болгон.

Маркум Андрей Сахаров үчүн урпактары ыйгарчу сыйлык – бул Орусиянын болочоктогу демократиялык өнүгүүсү. Азырынча путиндик авторитардык түзүлүш маалында орусияыктар бул сыйлык тууралуу кыялданып гана келишет.

Постсоветтик доордо өз оюн эркин билдирген далай замандаштарыбыз Орусия, Беларус жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө абактарда тутулган учурларды четтен санап бере алабыз.

Менимче, Бүбүйра Кыдыралиева апабыз Ала-Тообузда мурдагы тоталитардык түзүлүштөн кийинки доордун өзүндө азыноолак болсо да жашоого жана коомубуздун урмат-сыйына аздыр-көптүр татууга үлгүргөн өзгөчө бактылуу атуул болду.

Демек, өзүнүн өмүрүндөгү акыркы 33 жылдын өзү Бүбүйра апанын тагдырындагы башкы сыйлык болду. Ушунун өзүн дурусураак аңдообуз үчүн мурдагы тоталитардык түзүлүш жөнүндө кененирээк кеп курдук.

Бул карапайым жана каарман айымдын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталып кала берет. Айрым орден-медалдуу инсандар бара-бара унутулушу деле ыктымал, бирок “Ата Бейиттеги” бабалардын арбагы ыраазы болгондой батылдык кылган бул карапайым айым Кыргыз тарыхында түбөлүккө эскерилип кала берет.

Редакциядан: Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG