18-декабрда Орусиянын бийлиги 29 жаштагы өзбек жараны Москвадагы кол салууга байланыштуу кармалганын билдирди.
Москва 2022-жылы Украинада согуш башталгандан бери эң жогорку даражадагы аскер кызматкери, генерал-лейтенант Игорь Кирилловдун киши колдуу болгону үчүн Киевди айыптады. "Свобода" радиосунун украин атайын кызматындагы булактары бул ишти алар уюштурганын айтып берген.
Бирок бул кол салууга шектүү деп Өзбекстандын жаранынын кармалышы Орусиядагы мигранттарды бир топ дүрбөлөңгө салгандай.
Соңку жылдары орус коомунда Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы ксенофобдук маанай күчөп, басым-кысым көбөйдү. Миңдеген мигрант депортацияланып же Орусиянын чек арасынан кире албай алса, өлкө ичинде жүргөндөр өз өмүрү үчүн кооптонуп жашаганын жашырбайт.
17-декабрдагы кандуу окуядан кийин Борбор Азиянын мигранттары кырдаал эми кыйындайт деп кооптонушат.
"Бардык жерде автозактар турат", - дейт Москвада жашаган өзбекстандык Зулфия.
"Бүгүн базардын жанынан өтүп баратып бир нече автозакты көрдүм. Алар өзбек, кыргыз, тажиктин баарын кармап жатыптыр" - дейт мигрант.
"Кечээ менин таанышымды кызы менен чогуу депортациялашты", - деген Зулфия өз аты-жөнүн айтуудан коркот.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Антимигранттык чакырыктар кайра күчөйт"
Ондогон жыл бою Орусия ар кандай дискриминацияга карабай Борбор Азиядан барган миллиондогон мигрант үчүн убактылуу мекенге айланган.
22-мартта Москванын сыртындагы "Крокус сити" борборундагы 140тай кишинин өмүрүн алган кандуу кол салуудан кийин орус бийлиги мигранттарга каршы репрессивдүү аракеттерин арбытты.
Кандуу чабуулду жасаган деп айыпталып кармалган бир нече тажик жаранын сотко алып келгенде алардын аёосуз сабалганы, кыйноо көргөнү даана билинип турду.
Генерал Кирилловду өлтүрүүгө айыпталып, бирок аты-жөнү ачык айтылбаган жарандын тез арада эле кармалышынан эксперттер күмөн санап турушат.
Британияда жайгашкан Central Asia Due Diligence иликтөө борборунун директору Алишер Илхамов кармалган киши кыйноо көргөнү "толук ыктымал" дейт.
Ал мындай үрөй учурган окуядан кийин өзбектерди "кыйла эле желмогуз" кылып көрсөтүшөт деп ойлойт.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) шектүү деп кармалган өзбек жаранды украин атайын кызматы жалдап, даярдап жиберген деген көз карашта. ФСБ Кириллов жана анын жардамчысы Москвадагы көп кабат үйдүн кире беришине коюлган электр чыгырыгына (самокат) катылган бомба жарылганда жан бергенин билдирди.
ФСБ шектүү кылмышты моюнуна алды деген видео жарыялады. Бетинде тиликтери билинген эркек кол салууну ишке ашырган соң "ага 100 миң доллар жана Европанын паспортун убада кылышканын" айтып берет.
"Орус саясатчыларынын арасында антимигранттык риторика өтө жайылган", - дейт Илхамов. - Эми ал дагы күчөйт. Орусиянын телеканалдарынан эксперттер менен депутаттарынын муну дагы көп уга баштайбыз".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
«Көчөдө текшерүүлөр көбөйөт»
Мигранттарга каршы билдирүүлөрү менен таанымал таасирдүү атка минерлердин бири - Александр Бастрыкин. Ал президент Владимир Путиндин башкы санаалашы жана Тергөө комитетинин жетекчиси.
Былтыр Бастрыкин орус паспортун алган мигранттар Украинадагы уруштан баш тартса, алардын жарандыгы жокко чыгарыларын билдирген.
Орусиянын башкы тергөөчүсү ошондой эле мигранттар жасаган кылмыштын саны өсүп жатканын айткан жайы да бар.
"Карапайым адамдар "Орустар фронтто жүргөндө мигранттар биздин тылга кол салууда" деп жатышат", - деген Бастрыкин.
Москвада жашаган кыргызстандык аял Борбор Азиядан барган мигранттардын абалы өтө эле оор экенин айтты:
"Эми мындан ары Борбор Азиядан келген мигранттардын абалы дагы кыйындайт", - деген аял коопсуздугунан улам аты-жөнүн айтууну туура көргөн жок.
"Эми көчөдө текшерүүлөр көбөйөт", - деди ал.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.