ТИМдин билдирүүсү
Тышкы иштер министрлиги 7-ноябрда билдирүү таратып, анда Орусияга барууну пландап жаткан жарандар Кремлдин жаңы эрежелерине көңүл буруп, документтерин алдын ала даярдап, кошумча текшерүүлөргө даяр болууну эскертти. Ошондой эле текшерүүдөн соң Орусиянын чек ара кызматы аларды киргизүүдөн баш тартуусу ыктымал экенин да белгилеп, андай шартта эмне кылууну түшүндүргөн.
"Орусия Федерациясына чек арадан киргизүүдөн баш тарткан учурда жаранга мындай чечимди кабыл алууга негиз болгон тиешелүү документ берилет. Эл аралык келишимдерге ылайык, Орусия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган адамдарды кайра мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелер авиакомпаниянын жоопкерчилигинде деп каралат. Андай адамдар орто эсеп менен 1-3 күндүн ичинде кийинки рейс менен келген өлкөгө кайра жөнөтүлөт. Бул мезгилде авиакомпания аларды суу жана тамак-аш менен камсыз кылат", - деп айтылат тышкы иштер мекемеси тараткан маалыматта.
Ошондой эле кыргыз жарандары Орусиядагы консулдук мекемелерден жардам алып, котормочу чакырууну суранса болорун билдирди.
Тышкы иштер министрлиги өткөн аптанын соңунда да 2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрөрүн эскерткен.
Анда тийиштүү уруксат документтери жок чет өлкөлүк жарандар Орусияда 90 күн гана жүрө алары, башкача айтканда мурдагыдай чек арадан "кирди/чыкты" деген ыкма жоюларын билдирген. Мындан улам министрлик бир гана мыйзамдуу жол - тийиштүү уруксат документтерин убагында алууну баса белгилеген.
Орусияга барардан мурун эмнени эске алуу керек?
Мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков Орусияга жумуш издеп барган жарандар төмөнкү документтерди сөзсүз даярдап алышы керек дейт.
"Жалпы жарандык паспорттун мөөнөтүн карап алышы керек. Мындан сырткары ден соолугун да текшертип алышы шарт. Анткени Орусияга киргенден кийин манжасынын изи менен медициналык кароодон өтөт. Ошодон дагы көпчүлүк жарандарыбыз тоскоолдукка дуушар болуп жатат. Мурун Орусияга кирген жарандар болсо идентификациялык салык номери деген болот. Ошол документтерди алып алгандарга бир топ жеңилдиктер түзүлөт. Ал эми Орусияга киргенде эң биринчи документ миграциялык карта, анан жашаган жеринен каттоого турушу керек. Андан кийин милдеттүү түрдө эмгек келишимин түзөт. Ушул үч документке аябай көңүл буруш керек".
Орусиянын мигранттарга карата катаал чарасы Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин күчөгөн. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурулуп, жыл башынан бери орус полициясы өлкөдөн 65 миң чет элдикти чыгарып, 120 миң чет өлкөлүктүн кирүүсүнө тыюу салган.
Орусиянын бир катар аймактарында мигранттардын ишмердүүлүгү чектелди. Мамлекеттик думанын айрым депутаттары буга дейре мигранттардын үй-бүлөлөрүн алып келүүсүнө тыюу салууну, алардын балдарын мамлекеттик мектеп, бала бакчаларга кабыл албоону да сунуштаган.
Ошондой эле Орусиянын Ички иштер министрлиги чет элдик мигранттарды өлкөдөн чыгаруунун шартын жеңилдеткен дагы жаңы мыйзам сунуштаган. Ага ылайык, административдик кодекстин дагы 20 беренеси боюнча мигранттарды Орусиядан чыгарууга жол ачылганы турат.
Мигранттарды чочуткан полиция
Сегиз жылдан бери Москвада окуп, иштеп жүргөн Урмат (аты өзгөртүлдү) орус полициясына көп укук берилгенин, андыктан чет элдиктердин тынчсыздануусу күчөгүнүн айтатаууда.
"Эми элестетсеңиз, жөнөкөй эле участкалык милиция кармап, миграциялык картаны карап, көңүлүнө жакпаса "депорт" деп эле мөөр басып коет. Эч нерсе кыла албайсыз, депортация болосуз. Мисалы, көчөдөн балдарды кармап эле каттоосу базадан чыкса, миграциялык картасы туура болсо дагы, эмгек келишимин сурап жатат. Ал келишимди базадан караганга да укук берип коюптур. Ал документти базадан көрсө деле жок экен деп коет, айла жок 5 миң берип чыгасың да. Бербесең депорт кылганга шылтоо табат".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл жарым жылда эле он миңдей кыргыз жараны Орусиянын аймагынан чыгарылып, 174үн өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынган.
Ал эми өткөн айда Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган.
Кыргыз бийлиги да Орусиядагы мигранттарынын маселесин бир нече ирет көтөрүп келет.
Президент Садыр Жапаров 7-8-октябрда Москвада КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чакан форматтагы жыйынында "мигранттардын киришине чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсыздануусун" билдирип, КМШнын жарандары шериктештик алкагында эркин жүрө алгыдай чечимдерди издөөнү сунуштаган.
Президенттен бир аз мурдараак Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да Ереванда ЕАЭБдин жыйынында сүйлөп жатып, уюмга мүчө мамлекеттер миграциялык мыйзамдарын биримдиктин нормаларына ылайыктоосу керектигин белгилеген.
Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.
Шерине