Пасха майрамына чейин Украинада ок атышууну токтотуу демилгелери айтылган. Бул аракет ишке ашпаса да, соңку дипломатиялык жаатта бир топ үмүт жараткан жылыштар болду.
Иностранные инвестиции покидают Казахстан: в прошлом году объем вложений из-за рубежа ушел в отрицательную зону — минус 2,5 миллиарда долларов. Узбекистан привлек в 2024-м 2,8 миллиарда долларов прямых иностранных инвестиций. Может ли Казахстан утратить роль экономического лидера в Центральной Азии?
АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу күчөгөн сайын, Бээжин сейрек кездешүүчү минералдардын экспортуна чектөө киргизүүдө. Кошмо Штаттар буга кандай жооп кайтарат?
Тажикстанда мамлекеттик төңкөрүшкө айыпталып узак мөөнөткө соттолгон саясий ишмерлердин үй-мүлкүн конфискациялоо башталды.
Бир нече өлкөнүн аскер жетекчилери ушул аптада Түркиянын Аскер-деңиз флотунун Анкарадагы штабында жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн максаты — Орусия менен Украина ок атышууну токтоткон учурда Кара деңиздеги коопсуздукту камсыз кылуу.
АКШ, Евробиримдик, Бириккен Улуттар Уюму орус армиясынын 13-апрелде Украинанын Сумы шаарына жасаган кандуу чабуулун кескин айыпташты. Жекшембидеги кол салуу 35 адамдын өмүрүн алды. 117 киши жараат алды, алардын арасында 15 бала бар.
Кытай жарандарынын Украина же Орусиянын тарабында согушуп жатканы тууралуу маалыматтар согуштун алгачкы күндөрүнөн бери тараса да, Зеленскийдин акыркы билдирүүсү дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду.
9-апрелде Кытай АКШдан импорттолгон бир катар товарларга 84% бажы төлөмүн киргизерин жарыялагандан көп өтпөй, АКШ президенти Дональд Трамп катуу жооп кайтардын. Эми Кытай товарларына болгон бажы салыгы дароо 125%ке чейин жогорулатылат.
Орусиянын армиясы 9-апрелге караган түнү Украинанын бир катар аймактарына дрондор менен чабуул койду. Ондогон киши жабыркады. Ошол эле маалда орус бийлиги да украин күчтөрүн аба соккулар үчүн күнөөлөдү.
9-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган импорттук масштабдуу жаңы пошлиналар тууралуу эреже иштей баштады. Ал Кытайга да тариф киргизерин айтканда Бээжин кошумча төлөм жарыялай турганын билдирген. Ушул тапта Евробиримдик дагы АКШ товарларына тариф киргизүүнү талкуулап жатат.
Пакистан миллиондогон ооган качкынын депортациялоо планын ишке ашыра баштап, кескин сынга кабылды. Укук коргоочулар мекенине кайткан оогандар талибдер көзөмөлдөгөн өлкөдө куугунтук, зордук-зомбулук жана экономикалык кыйынчылык өңдүү олуттуу коркунучтарга туш болорун эскертүүдө.
Дагы жүктөңүз