Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:39

"Ипотека, насыя төлөөдө кыйнала баштадык". Рублдин куну, мигранттардын түйшүгү


Орусия. Курулушта иштеген мигранттар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Орусия. Курулушта иштеген мигранттар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Орусиянын улуттук валютасы – рублдин дүйнөлүк валюталарга карата курсу дагы арзандады. Орус аскерлери Украинага басып кирген алгачкы күндөрү ал кунун кескин жоготуп, кайра түзөлгөн. Иш жүзүндө азыр ошондон да түшүп кетти.

Бул Орусияда иштеген жүз миңдеген кыргызстандык мигранттарга таасир этүүдө.

"Алган айлыгыбыздан арттыра албай калабыз"

Кыргызстандык Салима үй-бүлөсү менен Москва шаарында иштейт. Ал насыясын төлөө үчүн Кыргызстанга ай сайын акча салып турат. Орус валютасынын куну кескин арзандап, мекенине которгон акча кыргыз сомуна оодарганда аз болуп калганын айтып берди:

"Курстун түшкөнү жумуштагы баарыбызды ойлондуруп жатат. Кыргызстанда насыяларыбыз бар. Азыркы курска салыштырмалуу көп акча салууга туура келүүдө. Курс түшүп, баа өскөнү менен айлыгыбыз көтөрүлө элек. Жашаган жерибиздин ижарасын көтөрүп жатышат. Мындай болсо алган айлыгыбыздан арттыра албай калабыз. Рубль күчүнүн түшүшү убактылуу деп да айтып жатышат".

Биз байланышкан дагы бир мекендешибиз Назира да ушундай эле ойду айтты:

"Салган акчабыздын бир тобу эле курстан желип, жоголуп кетип жатат. Салбай, курс өссүн деп күтүп кармап турууга дагы мүмкүн болбой жатат. Анткени Кыргызстандагы муктаждык ага карабайт. Көптөрүнүн сом менен төлөгөн ипотекалары бар. Ичпей-жебей тапкан акчасынын баарын туугандарына, ата-энесине салат. Азыр сарсанаага түшкөн эле мигрант. Жаңы жылдан кийин жаңы мыйзамдар күчүнө кирип, иштөө шарттары дагы кыйындайт деп жатышат. Билбейм, мындан ары дагы кандай болот. Азыр алган айлыктын берекеси кетип, баркы жоголуп жатат".

Соңку күндөрү Кыргызстанда орус валютасы - рублдин сомго карата курсу түшүп кетти. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 29-ноябрда рублдин курсу алып-сатууда 81 жана 77 тыйын деп турат. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир рубль 78 тыйындан сатып алынып, 82 тыйындын тегерегинде сатылууда. Ал эми Орусиянын Борбордук банкындагы маалыматка караганда, ушул күндөрү 1 доллар 116 рублге чейин көтөрүлүп кетти. Орус аскерлери Украинага басып кирген 2022-жылдын алгачкы күндөрү рубль кунун кескин жоготуп, кайра түзөлгөн. Иш жүзүндө курс азыр ошондон дагы төмөндөгөн.

Биз байланышкан кыргызстандык мигранттардын баары курстук айырманын азабын жон териси менен сезип жатканын билдиришти. Рубль менен алган айлыгы мурда сомго чакканда жетиштүү сумма чыкса, азыр андай болбой калды.

"Топтогон акчабызга алтын алып жатабыз"

Кыргызстандык Аскар үй-бүлөсү менен Орусиянын Новосибирск шаарында кампада иштейт. Орус рублинин куну соңку эки жылда олку-солку болуп, алган айлыгын Кыргызстанга жөнөтпөй, каражатты кармап туруунун ар кандай жолдорун издештирип жатат.

"Рублдин түшкөнү Орусияда жүргөн бардык эле мигранттарга, өзгөчө Кыргызстанда насыясы барларга кыйын болду. Биздин го насыябыз жок, мекенибизге акча которбой күтүп тура алабыз. Азыр жубайым экөөбүз топтогон акчабызга алтын алып жатабыз, 1 граммын 7 миң рублдан. Болгон акчабызга алтын чогултуп жатабыз. Рублдин куну көтөрүлүп калса алтынды сатып, акчабызды чыгарып алабыз деген ниеттебиз. Башка айлабыз калбады. Доллар алып дагы көрдүк, ал рублдан дагы аз болуп калат экен. Азыр биз бул жакта кампада иштейбиз. 18 күн иштеп, 130 миң рубль айлык алабыз. Кыргызстанга 100 миң рубль салсак, 75 миң сом болуп калып атат. Төрттөн бири бөлүгү жок болуп калууда. Мындай боло берсе, Кыргызстанга эле көчүп кетиш керек болуп калды".

Орус атуулдугунан ажыратылган борбор азиялыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:55 0:00


Рублдин арзандашы Орусиядагы соодагерлер менен иштешкендерге дагы таасирин тийгизүүдө. Кыргызстандагы ондогон тигүү цехтеринин басымдуу бөлүгү товарын Орусиянын ар кайсыл аймагына жөнөтөт. Ушундай ишкерлердин бири Майрам азыр акча которуулар токтоп, ишине кедергиси тийип жатканын айтып берди. Майрам "Дордой" базарында соода кылып, тигүү цехин иштетет.

"Базарда соода токтоп калды. Базарга тикпей эле калдык. Цехтин ижарасын чыгаралы деп эле жүрөбүз. Орусиядан рубль түшүп кетти деп эле такыр акча которулбай жатат. Биз дагы товарыбыз калып кетпесин деп карызга берип салганбыз да".


Салыштырмалуу кубаттуу экономикага ээ болгону үчүн Орусиядагы өзгөрүүлөр көп өлкөлөргө, анын ичинен Евразия Экономикалык Биримдигиндеги жана Борбор Азиядагы мамлекеттерге түздөн-түз таасир этет. Анткени алардын экономикасы Орусия менен тыгыз байланыштуу. Тагыраагы, Москва алардын ири соода өнөктөшү, ага кошумча Орусиядан бул өлкөлөргө акча көп которулуп турат.

2022-жылы да рубль күчүн жоготкондо, анын артынан Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын жана Түркмөнстандын валюталары да арзандаган. Теңге, сомони, сум, сом жана манат ушул күндөрү да чет элдик валюталарга карата аз-аздан кунун жоготту.

Бул өлкөлөрдүн бешөөнүн тең Орусия менен алып-сатуусу көп болсо, экөө – Кыргызстан жана Казакстан Москва менен бир уюмда.

"КМШ өлкөлөрүнүн валюталарында да коррекция болушу ыктымал"

Экономика боюнча серепчи Марат Мусуралиев Бишкек Москва менен экономикалык алаканы кылдат талдап жүргүзүшү зарыл деп эсептейт. Ал соңку кырдаалдарга байланыштуу рубль дагы түшүшү мүмкүн деп божомолдоп жатат.

Марат Мусуралиев.
Марат Мусуралиев.

"Орусия толук масштабдуу согушту баштаганына жакында үч жыл болот. Эгер согушка катышкан кишилердин, каражаттын көлөмүнө караганда бул 1945-жылдан кийинки эле эң чоң согуш болуп калды. Ошондуктан ар кандай маалыматтарга караганда, Орусия 35-40 пайызга чейин бар болгон каражатын согушка жөнөтөт. Согушка жөнөткөн каражат эч качан түз пайда алып келбейт. Борбордук банкы курсту атайын туруктуу кармап турчу. Мындай саясатта курс эч качан туруктуу болбойт. Анткени болгон каражатын согушка жөнөтүп жатат. Андан сырткары киреше таба турган кишини согушка кетирди. Ошондуктан рубль тушө баштады. Бизде эмгек мигранттардын 80% Орусияда. Аларга катуу эле таасирин тийгизүүдө. Эми Орусиядан келе турган каражаттын көлөмү азайышы мүмкүн, жакшы жагы аз болсо дагы акча которууда бир аз диверсификация боло баштады. Мурда 90% көбү Орусиядан которулса, азыр 80 пайыздай болуп, калганы башка өлкөлөрдөн болуп жатат. Экинчиден, рубль төмөндөсө, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук валюталарында дагы коррекция болушу ыктымал".

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменитинин соңку маалыматына ылайык, учурда Орусияда 334 миңдей кыргызстандык жаран миграциялык каттоодо турат. Мындан сырткары орус паспортун алган кыргыз тектүүлөр дагы бар. Акыркы эки жылда орус-украин жаңжалынан улам, андан кийин мобилизация, миграциялык мыйзамдардын катаалдашканы чет элдиктерди катуу текшерүү, рейддер күчөдү. Мындан улам бир топ мигранттар бул өлкөдөн чыгып кетти. Жүздөгөнү текшерүү учурунда депортация болуп же аэропорттон эле артка кайтарылып жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG