Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

"Полициянын жумушун аткарбайбыз". Орусиядагы кыргыз милициясы эмне иш кылат?


Полиция кызматкерлери. (архивдик сүрөт)
Полиция кызматкерлери. (архивдик сүрөт)

Ноябрда Кыргызстандын милиция кызматкерлери Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында иштей баштады. Бул шаарларда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү ачылды. Мунун алдында орус өкмөтү укук коргоо органдарындагы кадр жетишсиздин белгилеген.

Орусиядагы милициянын иши кандай?

2024-жылдын январында Екатеринбургда эл аралык жаңжалга себеп болгон окуя катталган. 17-январь күнү эртең менен Орусиянын Ички иштер министрлиги Екатеринбургдагы улутчул уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте рейд учурунда ондогон мигранттарды мажбурлап отургузуп бастырган видеолор тараган. Тасмаларда кээ бир мигранттар тизесин жерге коюп, чөгөлөп турганы тартылган.

​Окуядан кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтери нааразылык нотасын берип, Орусиянын күч түзүмдөрүнүн аракеттерин адамдык ар-намысты басмырлоого багытталган деп жарыялашкан.

Эми мына ушул мигранттар укук коргоо кызматкерлери тарабынан кордолгон Екатеринбургда ноябрдан бери Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү иштей баштады.

Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу. Сүрөт интернеттен алынды.
Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугу. Сүрөт интернеттен алынды.

Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн кеңсеси Екатеринбургдагы Кыргызстандын консулдугунун имаратында жайгашкан. Аталган шаарда ИИМдин Орусиядагы өкүлү болгон Нурдин Жороев иши тууралуу түшүндүрдү:

"Өкүлчүлүктө бирден гана кызматкер. Биздин иш негизинен мигранттардын кылмыштуулугун азайтуу, алдын алуу иштерин жүргүзүү болот. Сөз ондогон милиция кызматкери эмес, бирден өкүл тууралуу гана болуп жатат. Бул иш Тышкы иштер министрлиги менен да тыгыз аткарылат".

Атайын өкүлчүлүктөр Орусиянын кыргызстандык мигранттар көп жашаган шаарларында иштей баштады. Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында өкүлчүлүктөр түзүлгөнү тууралуу маалымат ушул айдын башында жарыяланган.

"Биринчиден, орусиялык кесиптештерибиз менен биргеликте Кыргызстандын жарандарынын үстүнөн укук коргоо органдарынан арыз түшсө, иш алып барабыз. Мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз", - деп кошумчалады Жороев.

Буга чейин Орусиядагы расмий өкүлчүлүк Москвада гана болгон. Ички иштер министрлиги өкүлчүлүктөрдүн ачылышынын негизги максаты тууралуу учкай маалымат тараткан.

"Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жарандарыбыздын негизги бөлүгү Орусиянын аймактарында жүргөнүн эске алып, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды көрүү максатында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусиянын шаарларында өкүлчүлүктөрүн иштете баштады", деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүнүн ачылышы жана алардын иштөө тартиби эки өлкөнүн 2017-жылдын 20-июнундагы өкмөттөр аралык макулдашуусунун негизинде ишке ашкан. Бул келишим миграция жаатындагы компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрү бир нече шаарларда ачылышына мүмкүнчүлүк түзөт. Кызматкерлердин саны тараптардын макулдашуусу менен белгиленет.

Кыргызстандын ИИМинин өкүлдөрү менен Орусиянын ИИМинин кызматкерлеринин алгачкы жолугушуусунда кыргызстандык мигранттардын маңзатка байланыштуу кылмыштар менен көп кармалары айтылып, бул маселеге көңүл буруу зарылчылыгы айтылган.

"Эки тарап тең жарандардын, өзгөчө жаштардын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылышына өзгөчө тынчсызданууларын билдиришти. Бул жаатта биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сунуштар талкууланды", деп айтылат жолугушуу тууралуу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын түрмөлөрүндө 1,5 миңге чукул кыргыз жараны отурат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") менен күнөөлүү деп табылган.

Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгү менен Орусиянын ИИМдин кызматкерлеринин жолугушуусу. 5-ноябрь, 2024-жыл.
Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгү менен Орусиянын ИИМдин кызматкерлеринин жолугушуусу. 5-ноябрь, 2024-жыл.

"Мигрант полиция кимге керек?"

Өкүлчүлүктөрдүн ачылышы тууралуу Орусиянын ички иштер министрлиги тараткан маалыматка көңүл буралы.

"Өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине кылмыштарды иликтөөгө жана ачууга ыйгарым укук берилбейт. Алардын негизги милдети өз өлкөсүнүн жарандары менен иштешүү".

Орусияда Кыргызстандын өкүлчүлүгү ачылганы тууралуу маалымат орус медиаларында желдей тарап, кызуу талкууга түштү. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Орусияда мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылууга, кылмыштарды иликтөөгө жана ачууга ыйгарым укуктарга ээ эмес экени айтылганы менен бул жаңылыкты жактырбагандар да болду.

Буга чейин согушка катышканы үчүн Кыргызстанда соттолгон Аскар Кубанычбек уулу туралуу жазган Кирилл Кабанов Орусияда ачылган Кыргызстандын өкүлчүлүктөрү тууралуу пикирин жарыялады. Орусиянын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук комитетинин төрагасы Кабанов эки өлкөнүн бул демилгесин кескин сындады:

"Мен адегенде муну фейк же тамаша деп ойлогом. Бирок, биздин укук коргоо органдарынын кызматкерлери борбор азиялык мигранттар арасында болуп жаткан кылмыштуулукка туруштук бере албай калды окшойт. Кадрлардын жетишсиздигин жана тийиштүү каржылоонун жоктугун эске алганда муну түшүнсө болот. Бирок орус тарап ички тартипти камсыз кылуу үчүн чет элдик полиция кызматкерлерин, атайын кызматтын өкүлдөрүн тартууга жол берерин эч ким элестете алган эмес. Бул эмгек миграциясынын жаңы формасын мигрант полиция деп атасак болобу?"

Дагы бир нече телеграм-каналдарда бул жаңылыкка карата "кыргыздарды коргогону келишти" деген пикирлер жазылган.

Кыргыз милицияцы мигрантты коргойбу?

Мигранттардын укугун коргогон Валентина Чупик согуш башталганы жана мигранттарга байланыштуу Орусияда кабыл алынган мыйзамдар өлкөдөгү полиция кызматкерлерине ченебеген укук берди деп эсептейт. Бирок ал мындай укук алардын чет өлкөлүк кесиптештерине да берилеринен күмөн санайт:

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

"Өкүлчүлүктөрдүн иши адегенде алардын каалоосунан, мигранттарды коргоодо Орусиянын ИИМи менен конфликтке даяр болгонунан көз каранды. Өз кезегинде орус тарап чет өлкөлүк кесиптештери менен көз карашы туура келеби деген суроо жаралат. Азыр биз үчүн миранттардын укугун коргоо мурдагыдан кыйла оорлошту. Укук коргоо органдары биздин үнүбүздү угуп же жазган арызыбызды кабыл алгысы келбейт. Буга чейин Кыргызстандын Москвадагы өкүлчүлүгү мигранттарды коргоо боюнча иш жүзүндө эч нерсе кылган жок. Башка өкүлчүлүктөр да ошондой иштей турган болсо, эч нерсе өзгөрбөйт".

Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Бул окуядан кийин Орусияда мигранттарга мамиле катаалдашып, келгиндердин укугун чектеген бир катар мыйзам долбоорлору сунушталган.

Ушундай реалдуулукта Орусияда ачылган өкүлчүлүктөрдүн мигранттардын укугун коргоодо иши кандай болот?

Бул суроого юрист Мирлан Токтобеков жооп берди:

Мирлан Токтобеков.
Мирлан Токтобеков.
Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү мигранттарды коргогон орган болуп эсептелбейт.

"Ал өкүлчүлүктөр көбүрөөк Кыргызстандын аймагында кандайдыр бир кылмыш ишин жасап, Орусиянын аймагына качып кеткен жарандар менен иш алып барат. Бул орган Орусиянын же Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин берилген тапшырмаларынын алкагында гана иш алып барат. Ошону менен кошо Орусияда кыргыз жарандары тарабынан уюшкан кылмышкан топтордун ишин аныктап, токтотуу менен да алектенет. Кылмыштуулукту алдын алуу же Орусиянын Ички иштер министрлиги менен биргеликте иш алып баруу гана максатын көздөйт".

Орусиядагы кадр жетишсиздиги

Укук коргоо органдарындагы кадр жетишсиздигин орус бийлиги өзү да моюнга алат. Бир нече ай мурун бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Владимир Кубышко билдирген. Анын айтымында, буга Орусиянын Украинага болгон согушу жана өлкөнүн оор социалдык-экономикалык абалы себеп болгон.

"40 аймактык инспектордун ордунда алты кызматкер иштеп жатат", - деген ал.

Ведомствонун маалыматы боюнча, айрым аймактарда кадрлардын жетишсиздиги 90%га жетет.

Ошентип Кыргызстандын атайын өкүлчүлүктөрүнүн ачылышы Орусиядагы кадр жетишсиздиги жана Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин такай айтып келген "мигранттар арасында кылмыштуулук күчөгөн" учурга туш келди.

"Сибир реалии" менен сүйлөшкөн Орусиядагы ИИМ кызматкери анонимдүү түрдө кыргызстандык кесиптештери тууралуу буларды айткан:

"Мунун баары кадр жетишсиздигинин кесепети. Эми мигранттарга байланыштуу бардык иштерге кыргызстандык укук коргоо кызматкери киришет деп ойлойм. Бул үй-бүлөдөгү зомбулуктан баштап, уюшкан баңги аткезчилигине чейинки кылмыштар. Бирок кайсы бир өлкө ички тартипти камсыз кылуу үчүн чет элдик полиция кызматкерлерин, негизинен атайын кызматтардын өкүлдөрүн тартканы акылга сыйгыс нерсе. Алар эми канчалык объективдүү боло алат?".

Дагы бир полиция кызматкери чет элдик кызматкерлер олуттуу иштерге аралашпайт деп эсептейт.

"Кыргыздардын басымдуу бөлүгү орус тилин, маданиятын билет. Бирок, Орусияда укук коргоо органдарында иштеген адам мыйзамдарды, жергиликтүү менталитетти, жол-жоболорду жатка билиши керек".

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматына караганда. Орусияда 334 миңдей кыргызстандык миграцияда жүрөт.

Орусия соңку жылдары миграция мыйзамдарын каттаалдаштырып, алардын өлкөдө иштеп, жүрүүсүн чектеген айрым эрежелерди киргизүүдө.

Буга чейин Москва 2024-жылдын жети айында өлкөдөн чыгарылгандардын жана кирүүгө тыюу салынгандардын саны рекорддук чекке жеткенин жарыялаган. Алардын дээрлик көпчүлүгү Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары экени айтылган.

ТИМ быйыл жарым жылда Кыргызстандын 9 901 жараны Орусиянын аймагынан чыгарылып, 174үн өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG