Журналист Адыл Акжол уулунун кылмыш иши токтотулуп, эркиндикке чыкты

Адыл Акжол уулу.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты. Бишкектин Биринчи май райондук соту “Азаттыкка” билдиргендей, тараптар жарашкандыктан судья 9-декабрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп тергөө абагынан бошоткон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” жана “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренелери менен айып коюлган.

Адыл Акжол уулу кармалганы 12-августта белгилүү болгон. Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага биринчи Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы “Адыл Акжол уулунун сөзүндө массалык башаламандыкка чакырык жок” деп чыгып, ага коюлган айып “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренесине өзгөртүлгөн.

Адвокат Назик Ажымаматова журналисттин кармалышына быйыл июлда каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу видео себеп болгонун “Азаттыкка” билдирген.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы сентябрь айында журналистке Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

Адыл Акжол уулу блогер катары да таанымал. Анын өзүнүн аты-жөнү менен ачылган Ютуб каналында 800 миӊге жакын катталуучусу бар. Негизинен социалдык көйгөйлөр, саясий темалар боюнча видеолорду чыгарат.

Быйыл июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнөн кийин үй-бүлөлүк зомбулук маселеси коомчулукта катуу талкууланган, Адыл Акжол уулу маркумдун кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып, өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан, Акжол уулу маекти сындап комментарий жазгандарды уят сөздөр менен сөккөнүн айтышкан.

Айтурган Маматкулованын бир жыл мурда турмуш курган жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтса, келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп жатат. Келиндин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен иш козголгон.

Анын жолдошу 1-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. (BTo)

Дагы караңыз

WSJ күзүндө Орусия Украинага алты миңден ашуун дрон менен ракета атканын маалымдадыСот Райымбек Матраимовго 100 миң сом айып салып, абакка кескен жокДепутат өкмөттү бала бакчаларды каржылап-кароого чакырдыДонецкидеги жардыруудан Еленовка колониясынын мурдагы башчысы өлгөн болушу ыктымалБУУ Сириядагы абалды талкуулайтЖКнын комитети дин боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдодуҮч өлкөнүн темир жол долбоору үчүн Жалал-Абаддан 44,29 га жер бөлүндүРумынияда Бухарестке бараткан бир нече куралчан адам кармалды