Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:20

ЖКнын комитети дин боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду


Бишкектеги Орозо айт намазы учурунда тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду, жаңылыкка тиешеси жок.
Бишкектеги Орозо айт намазы учурунда тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду, жаңылыкка тиешеси жок.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 9-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов баяндама жасап, документ талкуусуз эле өттү.

Министрлер кабинети сунуштаган документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинен жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.

“Эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес, бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында бирдей. Кудайга сыйынуучу жайларда чогулуштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттү жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт”, - деп айтылат документте.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Документти сөз болуп жаткан топ кайра иштеп чыкты. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG