Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Донецк аймагында дүйшөмбү эртең менен Toyota Land Cruiser машинасы жардырылды. Орусиялык Телеграм-каналдар эки киши жабыркаганын жазышты. Кийин Mash Телеграм-каналы жардыруудан Еленовкадагы (Olenivka) колониянын жетекчиси Сергей Евсюков каза тапканын, аялы бутунан ажыраганын маалымдады. "Свобода" радиосу башка бир булактар маркум мурдагы башчы болгонун жазды.
Буга чейин украиналык булактар Еленовка колониясынын жетекчиси жарадар болгонун кабарлашкан.
Украин маалымат каражаттары билдиргендей, Евсюков ал жабык жайды 2022-жылдан бери жетектеп кийин иштен кеткен. Азыр колонияны Павел Черкасов жетектейт деген маалымат бар. Евсюков соңку жылдары эмне менен алектенип жүргөнү белгисиз.
Сөз болгон колонияда 2022-жылдан бери украиналык согуш туткундары, арасында Мариупол шаарынын коргоочулары кармалып келген. Ошол эле жылдын июлунда ал жайда 50дөн ашуун туткун каза тапкан. Орус бийлиги Украинанын аскерлери колонияны HIMARS системасы менен аткылаган деп айыптаган. Киев өз кезегинде согуш туткундарын өлтүрүү үчүн Орусияны күнөөлөгөн. БУУнун эксперттери жабык жай HIMARS менен аткыланган деген версияны четке каккан.
2023-жылы Евсюковго украин туткундарын жапырт кыйноо айыбы сыртынан тагылган. Кийинки жылы эл аралык гуманитардык нормаларды, асыресе согуш туткундарына өз убагында жана тиешелүү медициналык кызмат көрсөтүү эрежелерин бузганы үчүн айыпталган.
Евсюков мурда украин милициясында кызмат өтөп, 2014-жылы өздөрүн “Донецк элдик жумурияты” деп атаган жикчилдерге кошулган. "Медуза" басылмасы украиналык ыктыярчы Станислав Глушковго шилтеме менен Евсюковду «эң коркунучтуу башкесерлердин бири” деп сүрөттөгөн.
Донецкидеги жардырууга тиешеси бардыгын эч ким моюнуна ала элек.
Орусия оккупациялаган аймактарда анда-санда аскерлерге же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кол салуулар болуп келет. Украин атайын кызматтары адата андай учурларды “партизандар” кылган иш деп айтышат. Орусия кол алууларды уюштурганы үчүн Украинаны айыптайт.
Шерине