Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Депутат өкмөттү бала бакчаларды каржылап-кароого чакырды


Мамлекеттик бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.
Мамлекеттик бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.

Колдо бар бала бакчаларды каржылоого каражат берилбесе, анда жаңыларын куруунун кажети барбы деген суроо салды депутат Айбек Алтынбеков. Депутат Министрлер кабинетин бала бакчаларды куруу менен эмес, аны каржылап-кароо менен алектенүүнү сунуштады.

"Мен бюджет тууралуу мыйзам долбооруна бала бакчаларды өкмөт тарабынан каржылоо боюнча сунуш киргизгем. Бирок өзгөрүү киргизилбептир. Кыргызстанда акыркы жылдары өтө көп бала бакчалар курулуп жатат. Саны өсүп жатат, бирок курулган бойдон иштебей турат. Иштебей турган бала бакчалардын эмне кереги бар? Андан көрө бала бакчаларды курууну демөөрчүлөргө берип, балдардын тамак-ашын карап, каржылоо жагын колго албайсыздарбы?", - деди депутат.

Финансы министринин орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт бала бакчаларды куруп берүү менен гана алектенерин белгиледи. Ал эми финансы министри Алмаз Бакетаев бала бакчалар айыл өкмөттөрдүн балансына өткөрүп берилгенин айтып, ошол эле учурда Министрлер кабинети да бала бакчаларды каржылоону колуна алганын айтты.

Депутат ушул тапта бала бакчага барбаган балдардын саны дагы деле көптүгүн айтып, андагы тамак-аш чыгымын да ата-эне төлөөгө милдеттендирилгени себеп экенин кайталады.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окуудан карады.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы үч жылда курулушу башталып, бирок ортодо токтоп калган мектептердин 80% бүткөрүлгөнүн, 214 жаңы мектеп салынганын билдирген. 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын маалымдаган.

Айрым калктуу конуштарда жаңы курулган бала бакчалар иштебей турганына нааразылыктар буга чейин да айтылган, маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги ырастаган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG