Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

WSJ күзүндө Орусия Украинага алты миңден ашуун дрон менен ракета атканын маалымдады


Харьковго урулган соккудан бир бала каза таап, 30 чакты киши жарадар болгон. Украина. 2024-жыл, 31-октябрь
Харьковго урулган соккудан бир бала каза таап, 30 чакты киши жарадар болгон. Украина. 2024-жыл, 31-октябрь

Күздүн үч айында Орусия Украинага алты миңден ашуун дрон жана ракета атканын The Wall Street Journal (WSJ) санап чыкты. "Украин Аба күчтөрүнүн маалыматынын негизинде жасалган жыйынтык чабуулдар тууралуу кабарларга, күбөлөрдүн айткандарына, украин аткаминерлеринин комментарийлерине дал келет", - деп белгилейт басылма.

Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын күзүнө салыштырганда төрт эсе, быйылкы жайга караганда үч эсе көп.

Гезит алыс аралыкка сокку уруучу куралдын 92 пайызы пилотсуз учактар жана Абадан коргонуу күчтөрүн алагды кылуу үчүн колдонулган дүрмөтсүз дрондор болчу. Калган дрондордун айрымдары турак жайларга жана энергетика жайларына тийип, көбү жок кылынат же радиоэлектрондук күрөш учурунда “жоголот”.

WSJ Аба күчтөрүнүн мобилдик топторуна атып түшүрүлгөн пилотсуз учактарга жакындабоо көрсөтмөсү берилерин, себеби айрымдары бир нече убакыттан кийин жарылгыдай кылып программалаштырылганын жазды.

Дагы бир маалыматка ылайык, октябрда украин аскерлери дрондордун 93 пайызын атып түшүрүп же бөгөттөй алса, баллистикалык жана гипер ылдамдыктагы ракеталардын 8 пайыздайын гана жок кыла алган.

Украинанын шаар-кыштактары аба соккуларына дуушар болгону, адам өмүрү кыйылганы, турак жайлар, жарандык инфраструктура талкаланганы күн сайын кабарланып келет. Далилдерге карабай, Москва аскердик жайларды гана бутага алганын айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG