Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Румынияда Бухарестке бараткан бир нече куралчан адам кармалды


8-декабрда кармалган шектүү адамдардын бири. Румыния
8-декабрда кармалган шектүү адамдардын бири. Румыния

Румынияда полиция баш калаа Бухарестке бараткан бир нече адамды кармады. Маалыматка караганда, алардын жанынан мылтыктар, канжар, бычактар табылган. Бийлик куралчан адамдар “коомдук тартипти жана тынчтыкты бузууну” көздөгөн деп шектенет.

Полициядагы булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып бергендей, Ильфов районунда шектүү машинанын токтотушкан. Анда бараткн 13 киши суракка тартылды. Алардын ысымдары ачыкка чыгарылган жок. Юстиция тармагындагы булактардын айтымында, арасында Конгодо контракт менен согушкан румыниялык жеке менчик компаниянын лидери Хоратиу Потра бар.

Райондук полиция кылмыш иш козголгонун билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Потра 2011-жылы согушкер топ түзгөнү үчүн эки жылга абакка кесилгенин маалымдашты.

Agerpres мамлекеттик кабар агенттиги Потранын куралчан тартип коргоочулардын коштоосунда баратат деген сүрөтүн жарыялашты.

Бул окуя Румынияда ашынган оңчул, орусиячыл саясатчы Кэлин Жоржескунун тарапкерлери Бухарестте нааразылык акциясына даярданып жаткан маалда болду. Анын алдында Конституциялык сот 24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунун жыйынтыгын жокко чыгарган. Аны, санактарга ылайык, Жоржеску жеңген.

4-декабрда Румыниянын Улуттук коргонуу кеңеши өлкө "агрессивдүү гибриддик аракеттердин" бутасында калып, анын жыйынтыгында Жоржеску шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жеткенин ырастаган жашыруун документтерди ачыктаган. Румыниянын атайын кызматынын эсебинде, Орусия ТикТокто Жоржескуну колдогон кеңири кампания жүргүзгөн.

Орусия Румыниядагы шайлоого аралашканын четке кагып келет.

8-декабрдагы экинчи турга Жоржеску менен Кымпулунг шаарынын мэри Елена Ласкони чыккан.

Кайра добуш берүү качан жана кандай шартта өтөрү азырынча белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG