Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 9-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов баяндама жасап, документ талкуусуз эле өттү.
Министрлер кабинети сунуштаган документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинен жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.
“Эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгилениши мүмкүн эмес, бардык диндер жана диний уюмдар мыйзам алдында бирдей. Кудайга сыйынуучу жайларда чогулуштарды, митингдерди, шайлоо алдындагы үгүттү жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт”, - деп айтылат документте.
Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Документти сөз болуп жаткан топ кайра иштеп чыкты. (BTo)
Дагы караңыз
Үч өлкөнүн темир жол долбоору үчүн Жалал-Абаддан 44,29 га жер бөлүндүРумынияда Бухарестке бараткан бир нече куралчан адам кармалдыТрамп Украинага аскердик жардам азаярын эскерттиСалык кызматынын камактагы төрагасы Абдувапов кызматтан убактылуу четтетилдиОоганчы менен чернобылчы ардагерлердин кенемтеси көбөйтүлөтАдвокат Матцаков камакта болгондуктан төрт журналисттин соту жылдыБишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылганы белгилүү болдуРавшанбек Сабиров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалдыАкылбек Жапаров 11 айдын жыйынтыгында ИДП 9% өскөнүн билдирди