Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылганы белгилүү болду


Бишкектеги акциялардын бири. Архив сүрөт.
Бишкектеги акциялардын бири. Архив сүрөт.

Бишкектин негизги аянттары менен көчөлөрүндө митинг-пикеттерди өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылганы белгилүү болду.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, 27-сентябрда ушул эле райондун администрациясынын 31-декабрга чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот колдогон.

Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салган.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөп жатып Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG