Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүнү көрсөтүп жатканын, буга 2024-жылдын 11 айында ички дүң продукциянын көлөмү (ИДП) 9% өскөнү далил болуп турганын айтууда. Өкмөт башчы бул тууралуу 9-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында билдирди.
"2024-жылдын 11 айында биз өнүгүү темпин сактап гана тим болбостон, аны тездетип, макроэкономикалык туруктуулукту чыңдап, келечектеги өсүш үчүн бекем пайдубал түздүк. Биз 2025-жыл биздин амбициялуу максаттарыбызга жетүүдөгү дагы ийгиликтүү этап болоруна бекем ишенебиз. Кыргызстан алдыга жылып, кыйынчылыктарды ишенимдүү жеңип, туруктуу жана инклюзивдүү экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат,” – деди Акылбек Жапаров.
Улуттук статистика комитетинин баштапкы маалыматы боюнча 2024-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 225 950,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 109%ды түздү Бул былтыркы жылдын 11 айындагы көрсөткүчтөн 104,4 % көп.
"“Кумтөр” кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 1 159 813,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 110,3%ды түздү. Туруктуу өсүш өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүү менен шартталган. Экспорттун жана инвестициянын өсүшү да процесске салым кошууда", деп жазылган өкмөттүн сайтында.
Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү, айыл, токой чарба, курулуш, соода тармактарында өнүгүү болуп, инвестициялар көбөйгөн. Кызматкерлердин орточо айлык акысы 112% өсүп, тышкы жана ички сооданын өсүү темпи 106,4% түздү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин башкаларга үлгү гана болбой, кыялдар ишке ашарын дүйнөгө көрсөтө алган өлкөгө айланарына ишенерин буга чейин да билдирген.
Кыргызстандын Министрлер кабинети соңку үч жылдан бери өлкө экономикасы 9% туруктуу өсүш менен келатканын, быйылкы бюджет 6,1 млрд сомдук профицитке чыкканын белгилеп келет.
Ошол эле учурда эксперттер Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына олуттуу басым кылып, 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин жогорулаганын айтып келишет. Азык-түлүк, коммуналдык кызмат акылары, тейлөө бир нече эселеп кымбаттаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен. Өкмөт көтөргөн айлык акы, көбөйткөн пенсия бааларды кууп жете албай жатканына нааразылыктар айтылып келет. (ZKo)
Шерине