Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Адвокат Матцаков камакта болгондуктан төрт журналисттин соту жылды


Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков. Бишкек шаардык соту. 9-декабрь, 2024-жыл.
Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков. Бишкек шаардык соту. 9-декабрь, 2024-жыл.

9-декабрда Бишкек шаардык сотунда журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Актилек Капаровдун, Айке Бейшекееванын жана Азамат Ишенбековдун иши боюнча соттук отурум 18-декабрга жылдырылды.

Буга Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковдун камакта жатканы негиз болду. Журналисттердин адвокаттары Самат Матцаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан алынып келип, соттук жараянга катышышы керектигин, бул жактоочунун жана ал коргоп жаткан адамдын да укугу экенин айтышты.

Судья аны четке кагып, Актилек Капаров кийинки соттук отурумга чейин башка адвокат тапмай болду.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.

Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Төрт журналисттин адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берип, ал каралып жатат.

Алар менен кошо айып тагылган калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

Имамидин Ташовдун адвокатынын иши:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, 30-декабрга чейин камакта калтырган. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Тергөө абагында кармалууда. Адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен айып коюлган.

Адвокат өзүнүн кармалышын Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG