Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Ооганчы менен чернобылчы ардагерлердин кенемтеси көбөйтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган согушунун ардагерлеринин жана Чернобыл кырсыгынан жабыркаган жарандардын кенемтеси жана пенсиясы көбөйтүлдү. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев 9-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып, билдирди.

Министр ооганчылар менен чернобылчылардын жөлөк пулу, пенсиясы канча сомго көбөйгөнүн ачык айткан жок. Анын сөзүнө караганда, 2025-жылдын бюджетинде Баткен коогалаңынын катышуучуларынын жөлөк пулун көбөйтүү маселеси каралган эмес.

Министр Бакетаев келерки жылдын бюджетине Баатыр энелерге берилүүчү жөлөк пул өлчөмүн көбөйтүү боюнча киргизилбегенин кошумчалап, буга каражат жетишсиздигин жүйө келтирди. Анын маалыматында, Кыргызстанда 32 миңдей Баатыр эне бар, алардын жөлөк пулу 3 миң сом.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окуудан карап жатат.

Ооган согушунун ардагерлеринин кенемтесин көбөйтүп берүү сунушун депутат Улукбек Ормонов мыйзам долбоору 1-окуудан каралып жатканда берген. Ал Кыргызстанда 5 миңге чамалуу гана ооганчы ардагер калганын белгилеп, алардын кенемтесин көбөйтүү үчүн 20 млн сом зарылдыгын билдирген.

Кыргызстанда Ооган согушунун ардагерлерине акчалай кенемте төлөнүп берилет. Согушта майып болгон ардагерлер айына 7 миң сом, согуштун катышуучулары 6 миң сом, ал эми Ооган согушунда өлгөндөрдүн жесирлерине 1 миң сом төлөнүп берилет.

1979-89-жылдары Ооганстанда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG