ЖК Сабировду социалдык камсыздоо министри кызматына жактырды

Равшанбек Сабиров - Ravshanbek Sabirov.

Жогорку Кеңеш 5-декабрдагы жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берип, токтом кабыл алды.

Мурдагы министр Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 4-декабрда кызматтан кеткен. Бирок кайсы кызматка которулганы айтылган эмес.

Равшанбек Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Көп өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы ал чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.

2020-жылы бийликтин алмашуусуна алып келген Октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2022-жылы март айында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматына келип, ошол эле жылдын сентябрь айында кызматтан кеткен. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК төрагасы салыкчылардын иши боюнча дагы кармоолор болушу мүмкүн экенин айттыТашиев коррупция менен кармалгандардын 80% акча төгүп абактан чыгып кеткенин билдирди  Франциянын парламенти өкмөткө ишеним көрсөткөн жокСузакта балдар сабалган бакчада психологдор иштешти4-декабрь: Кыргыз-тажик чек арасы такталганы жарыяланды, Грузияда оппозиция лидери кармалдыОрусия туткундаган украиналык мэр кыйноодон каза тапты