Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Франциянын парламенти өкмөткө ишеним көрсөткөн жок


Мишель Барнье жана Эммануэл Макрон.
Мишель Барнье жана Эммануэл Макрон.

Франциянын парламенти Мишель Барньенин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөөгө добуш беришти. Эми ал президент Эммануэл Макронго отставкага кетүү боюнча өтүнүчүн берет.

Премьер-министрдин отставкасы үчүн 331 добуш берилди. Le Parisien басылмасы бул 1962-жылдан бери өкмөттү депутаттар кетирген алгачкы учур экенин жазды.

Премьер-министр депутаттардын макулдугу жок социалдык камсыздандыруу боюнча 2025-жылдын бюджетин кабыл алгандан кийин отставкага кетти.

Документте бюджеттин 40 миллиард евро чыгымын кыскартып жана салыкты жалпы 20 миллиардга көбөйтүү сунушталган.

Барнье өкмөттү 90 күн башкарды. Ал президент жаңы премьер-министр дайындаганга чейин өкмөттү башкарып турат. Оппозиция Макронду дагы отставкага кетүүгө чакырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG