Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Орусия туткундаган украиналык мэр кыйноодон каза тапты


Орусиядан туткундан бошотулган украин аскери. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядан туткундан бошотулган украин аскери. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Днепрорудное шаарынын башчысы Евгений Матвеев Орусияда туткунда кармалып турган маалда кыйноолордон көз жумду. Бул тууралуу Запорожье облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров билдирди. Ал 4-декабрда Телеграмга жарыялаган билдирүүсүндө Матвеевдин сөөгү жакында эле Орусия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмашуу жараянынын алкагында кайтарылганын жазды. Орус армиясы Днепрорудное шаарын 2022-жылдын февралында Украинага бастырып киргенден көп өтпөй ээлеп алган. Матвеев туткунга ошол жылдын март айында түшкөн.

"Ал баскынчылардын туткунунда эки жыл сегиз ай отуруп, өлгүчө кыйноого алынган. Соңку айырбаштоо учурунда анын сөөгү Украинага кайтарылды", - деди Федоров.

Өткөн айда эки өлкө ортосундагы туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында Украина Орусиядан 502 аскердин жана карапайым тургундун сөөгүн кайтарган. Алардын 17си өлүкканалардан табылган.

Орусиянын расмий бийлигинин өкүлдөрү Матвеевдин өлүмү тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген жок.

2023-жылдын октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Украинадагы кырдаалды иликтеген комиссиясы Орусия "согуш кылмыштарын жана адам укуктарын олуттуу бузууну улантып" жатканын аныктаган. Анын ичинде "орус бийлиги жабык жайларда кыйноолорду такай колдонуп келгени" белгиленген.

Согуш башталганы Орусия тараптан Украинанын дарегине да согуш кылмыштарына байланыштуу айыптоо айтылып келет. Бирок мындай айыптар Орусияга салыштырмалуу аз айтылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG