Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Ташиев коррупция менен кармалгандардын 80% акча төгүп абактан чыгып кеткенин билдирди  


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев парламенттин 5-декабрдагы сессиясында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, коррупция менен шек саналып кармалгандардын 80% чыгымды төлөп, абактан чыгып кеткенин билдирди.

“Статистикада коррупция боюнча кылмыш иштеринде дээрлик 80% айып менен кутулуп кетишти. Болгону 13% соттолду. Демек, коррупция кадимки көрүнүш болуп калган. “Коррупция кылам, эртең бир нече миң айып пул төлөп коем” деп ойлошкон. Эми андай болбойт, реалдуу мөөнөт алышат”, - деди Ташиев.

Ташиев бул кайсы жылдардын статистикасы экенин тактаган жок. УКМК башчысы бир дагы сот жана күч органдарынын жетекчилерин абакка кесүүгө мүмкүнчүлүк болбогонун кошумчалады.

Жогорку Кеңеште коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан мыйзам долбоору каралып жатат.

Мыйзам долбоорунда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка да бир катар жазалар каралган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш жүргөнү менен айрым жерлерде паракорчулук күчөп жатканын айтты.

Атайын кызматтын төрагасы 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг өткөрүп, 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн айткан.

Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG