Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Сузакта балдар сабалган бакчада психологдор иштешти


Билим берүү министрлиги тараткан сүрөт.
Билим берүү министрлиги тараткан сүрөт.

Сузак районунун Октябрь айылындагы балдар сабалган “Кенжетай” бакчасында тарбиячылар, балдар жана ата-энелер менен психологдор иштеп, жардам беришти.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Аталган бакчага Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы Акчач Жолдошева баш болгон психологдор тобу барган.

2-декабрда социалдык тармактарда аталган бала бакчада балдар сабалганы тууралуу видео тараган. Андан бакчанын кенже тобундагы балдар тамак ичип жатканда тамак жебей ыйлап жаткан балага арткы фондо отурган аял кол көтөрүп, жаакка чапканын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада ошол эле аял башка баланы далыга чапкылап жатканы тартылган.

Тасманы интернетке тарткан адам балдардын жеп жаткан тамак-ашынын сүрөттөрүн да жарыялаган. Анда балдарга берилген азык-түлүк сапатынын начарлыгы, бала бакча санитардык талапка жооп бербей турганы тартылган.

Башкы прокуратура Сузак районунун Октябрь айылындагы “Кенжетай” бакчасынын кызматкери балдарды сабаганы боюнча кылмыш иши козголгонун 3-декабрда билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги райондук билим берүү бөлүмү тарабынан балага кол көтөрүлгөн окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирген. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG