Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

УКМК төрагасы салыкчылардын иши боюнча дагы кармоолор болушу мүмкүн экенин айтты


Kamchybek Tashiev - Камчыбек Ташиев
Kamchybek Tashiev - Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин билдирди.

Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 5-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтып, “кармоолор айрым жетекчилерге чейин жетиши мүмкүн” деди. Ошондой эле Бишкекте 3-декабрда кармалган салыкчылар коррупциялык схема түзүп алганын кошумчалады.

“Булар товарды кампалардын чыгарып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК-ЭТТН) жазып жөнөтүшөт. Сосновка постунан аны кайра артка кайтардык, товар кампага келди деп коюшат. Бирок товар артка келбей эле Ош, Жалал-Абад же Баткенге жетип сатылып кетип атат. Ошол эле кезде салыгы төлөнбөйт. Товар болсо сатылып кетти”, - деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчисин (А.Р., Дж.У., А.Н. жана Т.А.) кармаган. Атайын кызмат аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козгогон.

УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген.

Мамлекеттик салык кызматы акыркы текшерүүлөр тууралуу маалымат бере элек. Кармалгандардын жакындаы менен адвокаттары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG