Курскидеги курчуган кармаш: Путиндин көздөгөнү эмне?

Украин лидери Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия АКШда шайланган президент Дональд Трамп расмий түрдө ишке киришкенге чейин украин күчтөрүн Курск облусунан сүрүп чыгаргысы келерин билдирди. Reuters жазгандай, украин армиясы Орусиянын бул облусунда ээлеп турган аймактарынын 40 пайыздан ашыгын жоготту.

Зеленскийдин билдирүүсү

Орус президенти Владимир Путин январь айында Кошмо Штаттарда жаңы президент кызматка киришкенге чейин Украинадагы согушка байланыштуу бир нече планын жүзөгө ашырууну көздөп жатканын украин лидери Владимир Зеленский 23-ноябрда билдирди.

Ал Киевде “Украинадан дан” деп аталган үчүнчү эл аралык саммитте сүйлөгөн сөзүндө Москва Дональд Трамп ант бергенге чейин Донбасска толук көзөмөлүн орнотууну, украин күчтөрүн Орусиянын Курск облусунан сүрүп чыгарууну көздөп турганын айтты.

“Путин үчүн эң маанилүү нерсе – бизди Курск аймагынан сүрүп чыгаруу болуп турат. Жаңы ракеталар менен көргөзмө иретинде урулган соккулардын баарынын себеби бар. Ал тапшырма берди. Бизди 20-январга чейин сүрүп чыгаргысы келет. Кырдаал анын көзөмөлүндө экенин көрсөтүү – ал үчүн абдан маанилүү. Бирок ал абалды көзөмөлдөбөйт”, - деди Зеленский.

Август айында украин күчтөрү Орусиянын Курск облусуна күтүүсүздөн кирип барып, Кремлдин шаштысын алган. Жалпысынан украин армиясы Курскидеги 1400 чарчы чакырымдык аймакка өз көзөмөлүн орноткон.

АКШда президенттик кызматка кайра шайланган Дональд Трамп ишке расмий киришкенден кийин Украинадагы согушту токтоторун убада кылган болчу. Аналитиктердин баамында, эгер Орусия ага чейин Курскиден украин күчтөрүн артка чегиндире албаса, анда бул аймактын башын ачуу үчүн Украинада ээлеп турган кайсы бир райондордон чыгып кетүүгө аргасыз болушу мүмкүн.

Украин армиясынын Башкы штабындагы бир булактын айтымында, соңку айларда Путин Курск облусуна оң миңдеген аскерлерди жөнөттү жана алар украин күчтөрүнө утур-утур чабуул коюп жатат. Август айынан бери Орусия Курскиде украин күчтөрү ээлеп турган аймактардын 40 пайызын кайра алууга жетишти.

“Азыр биз Курскиде 800 чарчы чакырымды көзөмөлдөп турабыз. Биз бул аймактарды аскердик жактан канчага чейин туура болсо, ошончолук кармап турабыз”, - деп айтып берген бул булак Reuters жаңылыктар агенттигине.

Курскидеги жоготуулар, ракеталардын кармашы

Орусия Курскидеги аймактардан украин күчтөрүн сүрүп чыгаруу үчүн Түндүк Кореядан 11 миңден ашык аскер алып келгени кабарланган. Түндүк кореялык аскерлер өткөн айда Орусияга келгени белгилүү болсо да азырынча алардын согуштук аракеттерге канчалык катышып жатканы беймаалым.

Зеленский украин армиясынын аракеттери Курскиде орус күчтөрүн чоң жоготууга дуушар кылып жатканын айтты. Жакында украин тарап жана Батыштагы бир катар расмий өкүлдөр да согуш тилкелеринде бир күндө 1500дөй орус аскери же каза таап, же жаракат алып жатканын айтышкан. Бул 2022-жылдын 24-февралында кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери Орусиянын бир күндүк жоготууларынын эң жогорку чеги.

“Орусия мындай жоготууга учурай элек болчу. Эми ал Курскиде кыйналып жатат”, - деди Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо орус күчтөрү Курскиде украин аскерлерин “талкалап жатканын” 24-ноябрдагы билдирүүсүндө баса белгиледи. Министрлик Орусия украин аскерлерине артиллерия, авиация менен сокку уруп жатканын, Курскиде кармаш башталгандан бери Украина “35 миңден ашуун аскеринен” ажыраганын маалымдады. Бирок Киев бул маалыматтарды ырастаган жок.

Узап бараткан аптада АКШ менен Улуу Британия Украинага ATACMS жана Storm Shadow ракеталык комплекси менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат бергени белгилүү болгон. Америка чыгарган ATACMS жана Британияда жасалган Storm Shadow ракеталары бутага жогорку тактык менен узак аралыктан сокку ура алат.

Украина бул ракеталарды колдонуу менен Орусиянын Курск облусуна жана ага жанаша жайгашкан Белгород аймагына сокку урганы кабарланган.

ATACMS ракеталык комплекси, Австралия, 2023-жылдын июль айы.

Бул кабарларды улай Орусия 21-ноябрда Украинанын аскердик заводдор жайгашкан Днепропетровск аймагын орто аралыктагы жаңы ракетасы менен бутага алган. Киев Орусияны баллистикалык ракета учурду деп айыптаган.

Путин бул чабуул Вашингтон менен Лондондун ракеталарга байланыштуу соңку чечимине жооп экенин айтып, “Орешник” деп аталган жаңы ракета үндөн да тез уча аларын, өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин билдирген.

“Дүйнөдө азырынча эч кимдин мындай куралы жок. Ооба, эртеби, кечпи, башка алдыңкы өлкөлөрдө пайда болот. Жасап чыгуу аракеттери бар экенин билебиз. Ошентсе да ал эртең, же бир жылдан кийин же эки жылдан кийин болот. Бирок биздин колубузда бул система бүгүн бар. Бул маанилүү”, - деп айтты Путин 22-ноябрда аскер жетекчилери менен жолугушуусунда.

Согуш тилкесиндеги абал

24-ноябрга караган түнү орус армиясы Украинага дрондор менен сокку урууну улантты. Баш калаа Киевде үч саат бою сиренанын добушу угулуп турду.

Киевдеги аскердик администрация абадан коргонуу системалары ондон ашык дрондорду атып түшүргөнүн, кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин билдирди.

Армиянын маалыматына ылайык, жекшембиге караган түнү Орусия Украинаны көздөй жалпы 73 дрон учурса, алардын 50дөйү атып түшүрүлдү.

Орусиянын Коргоо министрлиги да украин армиясы учурду деген 30дан ашуун дронду атып түшүргөнүн маалымдады. Алардын 27си Курск облусунда жок кылынган.

Курскинин губернатору Алексей Смирнов алыстан башкарылуучу учуучу аппараттардан тышкары облус аймагында Украинанын эки ракетасы атып түшүрүлгөнүн айтты. Ал кандай ракета экени тактаган жок. Бирок Орусиянын согуштук аракеттерин пропаганда кылган Телеграм-каналдар Курск облусун бештей ATACMS жана Storm Shadow ракеталары бутага алганын жазышты. Бул маалыматты украин тарап ырастаган жок.

Ал арада орус армиясы Украинанын чыгышында, анын ичинде Велика Новосиловка шаарчасынын айлана-тегерегинде аз-аздан алдыга жылып жатканы кабарланууда. Бул маалыматты украин армиясы менен байланышы бар Deep State уюму жана бир катар аскердик аналитиктер ырасташты.

Украина аскерлердин жетишсиздигинен улам Орусиянын чабуулдарына жетиштүү деңгээлде туруштук бере албай жатат жана орус күчтөрү согуш тилкесин жырып өтпөйбү деген кооптонуулар жаралууда. Орус армиясы чоң жоготууга учураганы менен аскерлердин катарын жакшы айлык сунуштоо сыяктуу ыкмалар менен тез толуктап жатат.

23-ноябрда Путин мындай чараларды дагы кеңейтип, Украинада согушууга макул болгон жарандардын карызын кечүүгө жол ачкан мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, мамлекет 1-декабрдан тарта Украинада согушуу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгон жарандын 10 миллион рублга ($95,835) чукул карызын кечет. Бул сан Орусиянын аймактарындагы бир адамдын бир жылдык айлыгынан бир нече эсе жогору. Жаңы мыйзам 1-декабрга чейин карызын төлөй албаганы үчүн жоопко тартылган бардык жарандарга тиешелүү болот.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужный соңку маектеринин биринде украин армиясы жаңы технологиялар менен жабдылганын, андыктан фронтто орус аскерлеринин коргонуу тилкелерин жырып өтүүсүнө жол бербей турганын айтты.

Согуш башталгандан бери Украина да, Орусия да чалгындоочу жана сокку уруучу дрондорду чыгарууну күчөттү. Ошондой эле радиоэлектрондук жабдыктарга да өзгөчө көңүл буруп жатышат. Аналитиктер Украина аскерлердин жетишсиздигин жаңы технологиялардын жардамы менен жарым-жартылай толтуруп жатканын айтышууда.

Залужный Орусия согуш тилкесин кеңейте албай турганын, ал үчүн кошумча күч керек экенин, андай ресурс орус тарапта жок экенин кошумчалады.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина: мина талаасын аралаган роботтор