Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

Киевдеги Кумарбек: "Эми Орусия кантип жооп берет деп коркуп турабыз"


Украинанын баш калаасы Киевде "Шахед" дрондорун асмандан атып түшүрүү, 30-май, 2023-жыл
Украинанын баш калаасы Киевде "Шахед" дрондорун асмандан атып түшүрүү, 30-май, 2023-жыл

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын көрүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Соңку эки күндөн бери Орусия Украинанын аймагына жапырт ракеталык чабуул коюп жатканын эл аралык медиа кабарлады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кайрылуу жасап, Украинада жашаган кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Министрлик 20-ноябрдын кечинде тараткан билдирүүдө кыргызстандык жарандардын байланышуусу үчүн Киевдеги элчиликтин ыкчам байланыш телефондору көрсөтүлгөн:
+38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48

Акыркы кабарлар жана чабуулдар Украинада жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктарды чочулатып, тынчсыздандырып жатканын "Азаттык" байланышкан Кумарбек Раманов айтып берди. Ал Киев тынч эле экенин, өлкөнүн башка облустарда абал кооптурак экенин кошумчалады.

Кумарбек Раманов, Украинадагы кыргызстандык.
Кумарбек Раманов, Украинадагы кыргызстандык.

"Негизи Киев жакшы эле, абадан коргонуу системаларынын (ПВО) көбү ушул жакта. Башка облустарда солгун, жокко эсе десек болот. Биздин азыр коркконубуз эле Украина уруксат берилгенден кийин эле Орусияга чабуул кылды да. Азыр эми Орусия кантип жооп берерин баарыбыз эле билбей жатабыз. Ошол билбегенибиз бир аз коркутуп жатат. Ар кандай сөздөр айтылып, ошонун бардыгы таасирин тийгизүүдө. Биздин мектепте элчиликтерде иштегендердин балдары окуйт. Аларга абайлагыла деген маалымат айтылган экен. Ушундай маалыматтардан кийин башка окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер бир аз дүрбөлөңгө түшүп жатышат".

Кумарбек Раманов Украинада эл аралык менчик мектеп жана бала-бакчаны жетектейт. Ал согуш башталган учурда өлкөдөн кеткендердин айрымдары кайра келишкени менен, чыгып кетип жаткандар дале бар экенин кошумчалады.

Мунун алдында 20-ноябрда АКШнын Киевдеги элчилиги "так маалымат" алгандыгына байланыштуу убактылуу жабык болорун эскерткен. ​ Элчилик өз кызматкерлерине жана бул шаардагы жалпы америкалык жарандарга кайрылып, эгер абадан эскертүү берилсе дароо коопсуз жерге барууга кеңеш берген.

Орусия Украинага бастырып киргенден тартып эле Киев баш болгон Украинанын шаарлары, облустары орус армиясынын дрон чабуулуна туш болуп жатат.

Украинада миңге чукул кыргыз жарандары жашайт, алардын көпчүлүгү Киев шаарында. Украинадагы элчи Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" элчилик штаттык режимде иштеп жатканын айтты:

Идрис Кадыркулов
Идрис Кадыркулов

"Мурда 1,5 миңден ашуун кыргызстандык бар болчу. Алар согуш башталганда эвакуация болуп, айрымдары өздөрү чыгып кетишкен. Студенттер бар болчу, алардын айрымдары окууларын онлайн улантып жатса, кээ бирлери башка окуу жайларга которулуп кеткен. Азыр Украинага жаңы келгендер бар, ошого адаттагыдай эле эскертүү, кулактандыруу бергенбиз. Бул жак кооптуу, келбей тургула деп айтып жатабыз. Бирок абал салыштырмалуу курчугандай. Америка элчилиги жабылып, бирок бүгүн эртең менен штаттык режимде иштеп жатканын жарыялады. Биз деле штаттык режимде иштеп, консулдук тейлөө көрсөтүп жатабыз. Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги чечим чыгаруу укугун мага берген. Бирок бир мамлекетти таштап чыгып кетүү деле кыйын. Ошондуктан ордубузда эле иштеп жатабыз".

Кыргызстандын Киевдеги элчилиги ушул тапта бул өлкөдөгү мекендештерди Украинанын мыйзамдарын так сактап, аскердик абал боюнча ыйгарым укуктуу органдардын талаптарын аткарууга, ошондой эле өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырууда.

Ишкер Азамат Исмаилов Киевге толук кайтып бара элек, бирок жумушуна байланыштуу Украинага каттап турат. Ал соңку күндөрү салыштырмалуу абадан эскертүү жаңырган учурлар көбүрөөк болуп жатканын белгиледи.

Ишкер Азамат Исмаилов
Ишкер Азамат Исмаилов

"Учурда Украинадамын. Кыргызстандыктар бул жакта иштерин улантып жатышат. Биздин ТИМ келбей турууну жарыялаган, бирок айрымдар жумушу, оокаты ушул жакта болгон үчүн кайтып келишкен. Акыркы күндөрү абадан айгай мурдагыдан көбүрөөк жаңырып жатат. Калганы жакшы эле. Кайтып келгендердин көбү көнүп калган. Мекендештердин көбү Киевде, Одессада азырак бар. Көбүнчө чоң шаарларда. Өткөн жылы дагы кышка маал, жаңы жылга жакын электр станцияларга ракеталар тийип, электр энергиясы убактылуу өчкөн учурлар болгон. Кандай болгон күндө дагы жашоо уланууда. Киевдин калкы 5 млн жакын, шаар кадимкидей эле кыймылда. Албетте, мекендештер арасында ракета атылса кандай болот экен деген кооптонуулар болуп турат".

Орусия Украинаны ар тараптан басып кирип, согуш баштаганына 2 жыл 9 ай болду. 2022-жылдын февралынан тарта Украина калкынын 10 миллиондон ашууну башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болду. Согуштан качкан элдин арасында Украинада жашап, иштеген 1500дөн ашуун кыргызстандык болгон.

Согуш башталган күндөрү кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланган. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга кайтып, айрымдары Европа өлкөлөрүндө жашап калышты. Тышкы иштер министрлигинин мааалыматына караганда, согуш башталган күндөрү жүздөгөн кыргыз жараны Украинанын аймагынан чыгарылган. Ушул тапта алардын азырак бөлүгү кайра кайтып барган.

Шерине

XS
SM
MD
LG