Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Киев Орусия континент аралык ракета менен сокку урганын билдирди


Орусиянын өзөктүк машыгуусунан тартылган сүрөт, 29-октябрь, 2024-жыл
Орусиянын өзөктүк машыгуусунан тартылган сүрөт, 29-октябрь, 2024-жыл

21-ноябрда Украинанын аймагы аба соккусуна кабылганын Киев билдирди. Маалыматка караганда, орус армиясы континент аралык ракеталарды да аткан. Анын алдында украин армиясы Орусиядагы аскердик буталарга Британия берген Storm Shadow жана америкалык ATACMS ракеталары менен атканы кабарланган.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы жана жергиликтүү бийлик аба соккусунан кеминде эки облус кыйроолорго учураганын билдирди. “21-ноябрдын таңында Орусиянын аскерлери Днепр шаарына (объектилерге жана маанилүү инфраструктурага) ракетанын бир нече түрү менен сокку урду. Асыресе Орусия Федерациясынын Астрахань шаарынан баллистикалык ракета атылган”, - деп айтылат Украинанын Аба күчтөрү жарыялаган постто. Жарылуулар Полтава облусунда да болгону кабарланды.

Кремль континенттер аралык ракеталар тууралуу маалыматты комментарйилеген жок.

Айрым эксперттер белгилегендей, Москванын кадимки пилотсуз учактарды эмес кубаттуу ракеталарды колдонгону, Украинанын Орусиянын ичкери аймагына Батыштын узак аралыкка атуучу системалары менен сокку уруу уруксатын алганына жооп болду окшойт.

Ыктымал таасири

20-ноябрда орусиялык аскер блогерлери жана "Рейтер" агенттиги өз булагына шилтеме менен Украина Орусиянын Курск аймагына европалык Storm Shadow ракеталарынан 12 чактыны учурганын кабарлашты. Аймактын бир бөлүгүн августтун башында украин аскерлери өз көзөмөлүнө алышкан.

Франция менен Британия биргелешип чыгарган ракеталар 250 километр аралыкка чейин уча алат.

Былтыр майда Британия Украинанын аймагындагы орус аскерлерине туруштук берүү үчүн Storm Shadow канаттуу ракеталарын Киевге берген биринчи өлкө болгон.

The Times гезити өкмөттөгү булакка таянып жазгандай, соңку кабар Storm Shadow системасын колдонуу чектөөлөрү алынган болушу мүмкүн дегенди билдирет.

Британ премьер-министринин расмий өкүлү комментарий берилбей турганын, ал эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы эч кандай маалымат ачыкка чыгарылбасын билдирди. Орус тарап бул окуяларга азырынча жооп бере элек.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Киевге Орусиянын ичкери аймагына сокку уруу үчүн ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат бергени маалымдалган. Бирок Ак үй медиадагы бул кабарларды расмий бышыктаган эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү чек арадагы Брянск америкалык курал менен аткыланганын билдирген.

Украин армиясы Карачев шаарынын четиндеги курал-жарак кампасы бутага алганын маалымдап, бирок кайсы ракеталар колдонулганын атаган жок.

Москва Украина орус аймагына Батыштын узак аралыкка учуучу куралы менен сокку урса, жаңжал кескин курчуп кетет деп эскертүүдө.

Ансыз да 21-ноябрда Кремль америкалык аскердик жайдын өз чек арасына жакын жерге жайгаштырылышын сындады. Бир апта мурун АКШ Польшанын Балтика деңизинин боюндагы Редзиково шаарында абадан коргонуу күчтөрүнүн жаңы базасын ачкан. Орусия Украинага басып киргенден бери НАТОнун мүчөсү болгон Польша өз коопсуздугун бекемдөөгө аракеттенип келатат.

Андан тышкары АКШ Украинага жөө аскерлерге каршы коюлчу мина жагынан жардам берерин жарыялады. Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 20-ноябрда билдиргендей, мындай чечим кабыл алууга Орусиянын согуш тактикасын өзгөрткөнү себеп болду:

"Биз берели деп жаткан минанын качан жарыларын көзөмөлдөп турса болот. Алар Украинада жасалган минага караганда кыйла коопсуз".

Жөө аскерлердин алдына мина коюуга гуманитардык уюмдар каршылыгын билдирет. Алар минанын мындай түрү жайкын тургундардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирерин айтышат.

Остин Украина азыркы тапта фронтто орусиялыктардын алдыга жылуу аракетин токтотуш үчүн тийиштүү курал-жаракка муктаж болуп жатканын кошумчалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG