Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Украина Орусияны аткылоого уруксат алды. Согуш нугу кандай өзгөрөт?


Иллюсстрациялык сүрөт.
Иллюсстрациялык сүрөт.

АКШ, Германия, Франция, Британия жана дагы 10дон ашуун өлкө Украинага Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берди. Москва “ассиметриялык жооп” болорун эскертти. Батыш мамлекеттеринин узактан бери саясатын өзгөртүшүнө эмне себеп? Бул чечим согуштун нугун бурушу мүмкүнбү?

Владимир Путин Украинага Орусияга Батыштын куралы менен сокку урууга уруксат берген мамлекеттерге "ассиметриялык жооп" кайтарыларын 5-июнда чет элдик агенттиктер үчүн өткөрүлгөн сейрек маалымат жыйында билдирди.

"Биз жооп катары эмне кылышыбыз керек? Биринчиден, ракеталарды жок кыла турган абадан коргонуу системаларыбызды жакшыртабыз. Экинчиден, эгер кимдир бирөө өлкөбүзгө сокку уруп, бизге көйгөй жаратуу үчүн согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка курал-жабдык жеткирүүнү туура көрсө, эмнеге биз ошол эле класстагы курал-жабдыкты Орусияга каршы өлкөлөрдүн сезимтал объектилерине сокку ура ала турган дүйнөнүн башка аймактарына жеткире албайбыз? Башкача айтканда жооп ассиметриялык болот. Биз ойлонобуз", - деди ал журналисттерге.

Өткөн жумада АКШ президенти Жо Байден ачык айтпастан Киевге америкалык курал менен Орусиянын аймагына, тактап айтканда, Харьковду коргоо үчүн ага жакын жерлерине сокку урууга уруксат берген. Андан көп өтпөй ушундай эле чечимге Германия да барганын жар салган.

Ага чейин НАТОго мүчө 13 мамлекет, анын ичинде Франция да Киевге Орусиянын аймагына Батыштын куралы менен чабуул коюуга уруксат берген.

"Биз орус күчтөрү ракета учуруп жаткан аскердик объектилерди жок кылууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек деген ойдобуз. Ракеталарды жана Украинага чабуул коюлуп жаткан аскердик обьектилерди гана. Биз аларга Орусиядагы башка жайларды бутага алууга жол бербешибиз зарыл", - деди Франциянын президенти Эммануэл Макрон Германиядагы сапары маалында.

НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Прагадагы саммити. 31-май, 2024-жыл.
НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Прагадагы саммити. 31-май, 2024-жыл.

Батыш лидерлери орус армиясынын соңку кездеги активдүүлүгүнөн улам буга чейинки позицияларын өзгөртүүгө аргасыз болушканын моюнга алышты.

10-майда орус күчтөрү фронтто дал ушул Харьков багытында чабуулун күчөтүп, андан бери бир канча калктуу конушту өз карамагына алууга жетишти. Андан тышкары күн сайын орус армиясы Харьковду абадан аткылап келет.

Бирок НАТОго мүчө мамлекеттердин баары эле мындай чечимге макул эмес. Алардын арасында Италия дагы бар. Өлкөнүн тышкы иштер министри Антонио Таянинин айтымында, буга өлкө Конституциясы тыюу салат.

"Албетте, биз бир да итальян аскерин Украинанын аймагына согушууга жибербейбиз. Ошол эле учурда биздин курал Украинанын аймагынан тышкары жакта колдонулбайт", - деди Таяни.

Кошмо Штаттар да акырына чейин макул болбой келди. Бирок жакында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барып келгенден кийин украин армиясына мындай укукту берүү демилгесин көтөрдү.

30-майда АКШ президенти Жо Байден Киевге америкалык курал менен Орусиянын Украинага чектеш жерине, тактап айтканда Харьков облусуна жакын гана аймагына сокку урууга уруксат бергенин маалымат каражаттары жазышты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштын куралы Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн качан колдонуларын убакыт көрсөтөрүн айтты.

Батыш эмне себептен мындай кадамга барды?

Одесса университетинин доценти Владимир Дубовик "Свобода" радиосуна курган маегинде мунун себебин фронттогу кырдаалдын өзгөрүүсү менен түшүндүрдү.

"Орус армиясы ал жакта айлап курал-жабдыгын жана жеке курамын топтоп жатат. Аны украин жана Батыштын аскерлери көрүп турат. Бирок алардын чабуулунун алдын алуу үчүн же сокку ура алышпайт. Орус күчтөрү чек арадан өткүчө жалдырап карап туруш керек. Бул эми акылга сыйбайт да. Андан тышкары Конгресс Украинага жаңы аскердик жардамды узак убакытка караганы үчүн өзүн кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү сезип жаткандай. Анткени бул тыныгуу, бул убакыт үчүн украин аскерлери өз өмүрүн беришти. Ал эми европалык мамлекеттер Киевди чектей берсе, ортодо ишенбестик жаралат деп кооптонгондой. Мындан орус күчтөрү эле пайда көрөт", - дейт Дубовик.

Ал эми Conflict Intelligence Team иликтөө тобунун башчысы Руслан Левиевдин айтымында, Орусиянын аймагына бардык эле курал менен чабуул коюуга болбойт.

"Орусиянын каалаган аймагына Батыштын куралы менен сокку урса болбойт. Болгону кайсы бир чектелген аймакка, Харьков облусуна жасалган чабуулдар менен байланышы бар аймактарга гана сокку урууга болот. Маселен, ATACMS менен чабуул коюуга болбойт. Ошону менен катар, маселен, жерде турган учактарга да сокку урууга уруксат берилбейт. Алар учуп келатканда же Украинанын аймагына коркунуч жаратканда гана чабуул койсо болот".

Айтылгандай эле, АКШ узак аралыктагы ATACMS ракеталары менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берген жок.

ATACMS ракетасы.
ATACMS ракетасы.

Киев Батыштын кайсы куралын колдоно алат?

Украинада узак аралыкка сокку ура алчу бир катар куралдар жана аскердик комплекстер бар. Дагы башка куралдар берилет деп убада кылынган. Алар качан жеткирилери белгисиз.

Учурда украин армиясы узак аралыкка сокку уруу үчүн негизинен HIMARS системасын колдонот. Бул америкалык ракеталык система Украинага 2022-жылдын жайында жеткирилген. Андан бери бул комплекс согушта сокку уруу тактыгы жана ийкемдүүлүгү жагынан өз натыйжалуулугун көрсөтө алды.

Бул система аткан ракета саатына 85 чакырым ылдамдык менен уча алат. Сегиз мүнөттө ыкчам даярдыкка келет. Мээлегени 16 секундду түзөт. Кайра жыйналганга төрт мүнөт кетет. Үч гана адам башкарат: айдоочу, командир жана мээлегич. Бийиктиги 3,2 метр, туурасы жети метрди түзөт.

HIMARS ракеталардын ар кандай түрлөрү менен ата алат. Алардын эң кубаттуусу ATACMS. Дал ушул ракеталар менен Вашингтон Киевге Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берген жок.

Бул ракетанын салмагы 1700 кг түзөт. Ал саатына 3675 чакырымды багынтып, 165 чакырым алыстыктагы объектилерди жайлай алат. Бир ракетанын баасы жарым миллион доллар.

ATACMS учуп баратып эле тоскоолдуктан буйтап, багытын тез өзгөртө алган үчүн аны атып түшүрүү өтө кыйын.

Украин армиясы HIMARS үчүн негизинен GMLRS ракеталарын колдонот. Салмагы 302 килограммды түзгөн бул снаярддар 90 чакырым алыстыкты бутага алат. Украина мындай ракетадан канчаны алганы белгисиз.

Кийинкиси GLSDB өтө кымбат эмес, бир даанасы 40 миң долларды түзгөн жогорку тактыктагы ракета. Салмагы 270 кг түзгөн бул ракеталар 150 чакырымга чейин жетет. Ал учуп баратып багытын 180 градуска чейин өзгөртүүгө жөндөмдүү.

Storm Shadow/SCALP ракетасы.
Storm Shadow/SCALP ракетасы.

Украин армиясында Storm Shadow ракеталары да бар. Франция менен Британия биргелешип чыгарган бул тактикалык канаттуу ракеталар 250 чакырымга чейин сокку урууга жөндөмдүү. Салмагы 1300 кг, саатына миң чакырым ылдамдыкта уча алат. Бир даанасынын баасы 2 миллион долларга чейин жетет.

Бул куралдарды Киев колдонсо, Орусиянын кайсы аймактарына чейин жете алышы мүмкүн?

Албетте чек арага 70-80 чакырым жакындыктагы Валуйки-Новый Оскол-Белгород-Рыльск аймактарына толук жетиши ыктымал.

GLSDB менен ATACMS Block I ракеталары Таганрог, Старый Оскол, Курскиге чейин сокку ура алат.

SCALP/ Storm Shadow менен адистердин эсебинде Ростов-на-Дону, Орел, Липецк шаарларына чейин жетсе болот.

Москва Украинага согуш ачканы Орусиянын аймагына дрондор менен соккулар тынбай урулуп келет. Апрель айынын башында дрондордун чабуулуна Украинадан 1200 чакырым алыстыктагы Татарстандагы дрон чогулткан завод да кабылган.

Москва бул кол салууларды Киевден көрөт. Украин бийлиги Орусиянын аймагындагы окуяларга расмий комментарий бербейт. Ал эми чек арага чектеш Белгород облусу дээрлик күн сайын аткылоолорго дуушар болууда. Путин Харьковдогу чабуулдарды күчөтүүнүн себебин дал ушул Белгородду коргоо аракети менен түшүндүргөн.

Орусия Батышка өзөктүк сокку менен жооп бериши мүмкүнбү?

Бир катар эксперттер дал ушул суроого жооп издеп жатат. Анткени согуш башталгандан бери расмий Москва өзөктүк куралы менен коркутуп-үркүтүп келет. Алгач мындай риториканы Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Дмитрий Медведев Телеграм-каналы аркылуу келтирди.

"НАТОнун келжиректери Орусия эч качан Украинага, жада калса НАТОго мүчө өз алдынча мамлекеттерине каршы стратегиялык эмес өзөктүк курал колдонбойт деп оозуна келгенин оттошкону менен жашоо алардын жеңил ойлорунан кыйла татаал".

Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Көп өтпөй, 5-июнда орус президенти Владимир Путин да ушундай эле пикирин билдирди.

"Эмнегедир Батыш Орусия эч качан өзөктүк курал колдонбойт деп эсептейт. Бизде өзөктүк доктрина бар, анда кандай жазылганын карап көргүлө. Эгер кимдир бирөөнүн аракеттери биздин суверенитетке жана аймактык бүтүндүгүбүзгө коркунуч жаратса, колубузда бар бардык каражаттарды колдонуу мүмкүн деген пикирдебиз. Буга жеңил, үстүрт караган болбойт. Буга кесипкөй мамиле кылыш керек", - деди Путин.

Анткен менен эксперттердин бул боюнча ою бир кылка эмес. Көбү Орусия өзөктүк курал колдонууга барбайт деген пикирде. Дегеле расмий Москва кандай жооп кайтарышы ыктымал?

"Путин өзөктүк согуш баштоого даяр деп ойлобойм. Маселе башкада. Биз буга Украинага каршы пропаганданын жүрүшүндө күбө болдук. Эгер сен жылдап саясий душмандарыңды дегуманизация кылып, бир улутту "бандеровчуларга" айлантып келсең, акыры бир күнү курал өзүнөн өзү атат, же ойго келбеген сценарийлер ишке ашып кетиши мүмкүн. Эксперттердин көбү 2021-жылдын соңунда, 22-жылдын башында Путин согуш тууралуу жөн эле ооз көптүрүп жатат деп ойлошкон. Орусиянын өзөктүк коркутуулары тилекке каршы өзүнөн өзү ишке ашып кете турган божомолдорго кирет. Эгер күнүгө кечки жаңылыктарда өзөктүк согуштан кача албайбыз деп айта беришсе, акыры баары ушуга ишене баштайт. Орусиянын аскердик жетекчилиги да ушундай эле пикирде. Анткени алар өз пропагандасынын курмандыгы", - дейт “Новая газета Европа” басылмасынын редактору Кирилл Мартынов.

Ал эми аскердик аналитик Михаил Самусь ага өзгөчө “ассиметриялык жооп” деген сөз айкашы жагып турганын белгилейт.

"Бул кандай? Москванын өнөктөшү Түндүк Кореядай болуп коңшусунун аймагына таштанды салынган шарларды жөнөтөбү? Эми албетте, мындай белектерди Беринг кысыгы аркылуу Аляскага жиберсе болот",- деди Самусь "Америка авазы" радиосуна.

Украиналык аскерлер.
Украиналык аскерлер.

Фронтто кырдаал кандай?

Орусиялык күчтөр Украинанын Харьков облусунан баштап Запорожье облусундагы Работино айылына чейинки тилкеде чабуулдарын улантып жатат.

Адистердин айтымында, соңку жумаларда анын ыргагы төмөндөгөндөй. Буга украин армиясынын резервдегилердин баарын чыгарып, Харьков багытындагы күчтөрүн бекемдегени түрткү болду. Ошентсе да Часов Яр менен Купянск жакта коргонуу күчтөрү жетишпейт. Украиналыктардын пикиринде, Батыштын соңку чечими фронттогу кырдаалдын Киевдин пайдасына өзгөрүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн.

"Менимче, Батыштын чечими бул чек арадан орусиялык күч түзүмдөрүн жана техникасын алыстатууга шарт түзгөн олуттуу кадам. Бул бир гана Украина тараптан эмес, өнөктөштөр тараптан дагы согуштук аракеттерди жүргүзүү ыкмасын өзгөртө турган стратегиялык чечим", - дейт Жогорку Раданын депутаты Егор Чернев "Настоящее время" телеканалына берген комментарийинде.

Ал эми украиналык аскердик эксперт Сергей Мигдалдын эсебинде алдыдагы айларда майданда кырдаал дагы курчушу мүмкүн.

"Бир катар мобилизациядан кийин Орусия Ирандан, Түндүк Кореядан ракеталарды алып, өзү да өндүрдү. Мунун баарын алар күзгө чейин чабуулдардын сериясын өткөрүү үчүн колдонушат. Башкысы украиндер үчүн бул чабуулдарды ийгиликтүү түрдө токтотуу маанилүү", - дейт ал.

Ошентип, эксперттердин пикиринде, Батыштын Киевге Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бериши фронттогу кырдаалды өзгөртүүгө жол ачышы мүмкүн.

Бирок бул аракет согуштун аякташына мүмкүнчүлүк түзө алабы?

Орусиянын 2022-жылдын 24-февралында башталган, миңдеген адамдын өмүрүн алган бул согушу кантип, качан аяктайт? Бул суроого азырынча жооп жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG