Токтогул ГЭСиндеги №1 агрегат оңдолуп, ишке берилди

№1 гидроагрегатты оңдоо иштери. Токтогул ГЭСи. Август, 2024-жыл. Энергетика министрлигинин сүрөтү.

Энергетика министрлиги Токтогул гидроэлектрстанциясындагы (ГЭС) №1 гидроагрегат оңдолуп бүтүп, кошумча 60 мВт кубаттуулук менен ишке киргизилгенин билдирди. “GE Hydro” компаниясы реконструкциялоо ишин 2024-жылдын март айында баштаган..

Токтогул ГЭСи - Нарын дарыясындагы эң ири гидроэлектростанция. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жайгашкан. Суу сактагычынын көлөмү 19,5 млрд куб метр.

Токтогул ГЭСинде төрт агрегат бар. №4 агрегат 2022-жылы жана №2 агрегат 2023-жылы оңдоодон өткөн. №3 агрегат 2025-жылы реконструкцияланышы керек.

ГЭСтин жалпы кубаттуулугу ушул маалга чейин 1200 мВт деп эсептелген. Соңку жаңылоолордон кийин станциянын күчү 1380 мВт жетти. Реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери толук аяктаса, анын кубаттуулугу 1440 мВт көбөйөт деп пландалган.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 110 млн доллар жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕФСД) бөлгөн 100 млн доллар каражаттын эсебинен ишке ашырылууда. (BTo)

Дагы караңыз

Футбол: Кыргызстан Иранга 2:3 эсебинде утулду 19-ноябрь: Султанбеков ачкачылыгын улантууда, Украина Орусияны ATACMS менен атканы кабарландыТажикстанда Тоолуу Бадакшан окуясына байланыштуу соттолгон спортчунун абак мөөнөтү узартылдыПутин Орусиянын жаңыланган өзөктүк доктринасын бекитти Сербия менен Казакстан экономикалык алакасын бекемдөөдөОрусия Буча кыргыны тууралуу айткан экс-депутатты сыртынан соттоду