Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:44

Путин Орусиянын жаңыланган өзөктүк доктринасын бекитти


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин 19-ноябрда өлкөнүн өзөктүк доктринасын жаңылоо жана кеңейтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Анда өзөктүк курал эгер "аскердик-космостук кол салуу каражаты жапырт старт алганы тууралуу так маалымат" болсо жана эгер ал Орусиянын чек арасынан өтө турган болсо, колдонулушу ыктымал экени белгиленди.

Эң негизгиси Орусия "суверенитетине же аймактык бүтүндүгүнө олуттуу коркунуч жараланганда" өзөктүк куралды колдонууга укуктуу деген өзгөртүү киргизди. Мурдагы формулировкасында “мамлекетти жок кылуу коркунучу” тууралуу сөз болчу.

Дагы бир маанилүү түзөтүүдө кайсы бир өлкө өзөктүк державанын колдоосу менен Орусияга каршы кадимки ракеталарды колдонсо, Москва муну “алардын биргелешкен кол салуусу” катары бааларын, өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгын караштырат. Башкача айтканда, ракета, дрон жана башка учактар менен жасалган соккуга ядролук курал менен жооп кайтарылышы мүмкүн.

Орусия мындай кадамын АКШ президенти Жо Байден Украинага америкалык курал менен орус аймагындагы аскердик объектилерди атууга уруксат бергени кабарланып жаткан чакта жасады.

Байден Украинага АКШ берген алыскы аралыкка атуучу тактикалык ракеталык комплексин (ATACMS) колдонууга уруксат бергени 17-ноябрда кабарлана баштаган. Азырынча бул боюнча расмий маалымат бериле элек. ATACMS атуу радиусу 300 чакырымды түзөт.

Орусия өзүнүн өзөктүк доктринасын кайра карап чыгары быйыл 25-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында жарыялаган. Ошол учурда Украинага Орусиянын алыскы аймактарына сокку урууга уруксат берүү маселеси талкууланып жаткан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG