Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасын ачык акционердик коом кылып өзгөртүү сунушу каралып жатат.
Бул тууралуу ишкананын директору Кайрат Маматов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 19-ноябрдагы жыйынында айтты.
Нарындагы Кара-Кече көмүр кени “Кыргызкөмүргө” таандык, андан тышкары ишкананын “Түштүк” жана Балыкчыдагы филиалдары бар. “Кыргызкөмүрдө” баш аягы 870 кызматкер иштейт. Ишкана негизинен Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ), Кыргызстандын аймактарына Кара-Кечеден көмүр ташуу менен алектенет.
Кайрат Маматов “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коом болуп өзгөртүлсө укугу бир топ кеңейтилип, майнаптуу иштээрин айтты. Өлкөдө кышында көмүр тартыш болуп, баасы кымбаттап кеткени тууралуу даттануулар айтылып келет. (BTo)
Дагы караңыз
ЕБ миссиясы Бишкекте өкмөт менен ВСП+ боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жататНоокат: Милиция кызматкерлеринин жетекчисине каршы арызы боюнча ИИМде комиссия түзүлдү Вице-спикер Сыдыгалиев Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүүнү сунуштадыГрузияда оппозициянын акциясы күч менен таркатылдыБишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды Президент депутаттардын кызматтык автоунаасы тууралуу долбоорду артка кайтардыКыргыз эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов дүйнөдөн кайтты“Үч чоку” долбоору ишке кирсе, Ысык-Көлдөгү курорттор 850 миң туристти кабыл алат