Европа Биримдигинин (ЕБ) жалпы преференциялар системасынын (ВСП+) миссиясы Кыргызстанга келип, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, миссия Бишкекке ВСП+ талаптарын сактоо боюнча кыргыз өкмөтү, жарандык коом жана башка өнөктөштөр менен диалог жүргүзүү үчүн келди.
“Талкуулар өлкөнүн ВСП+ схемасына катышуусу үчүн негизги адам укуктары, эмгек укуктары, экология маселелери боюнча 27 негизги эл аралык конвенцияларды ишке ашыруудагы Кыргызстандын прогрессине багытталат”, - деп айтылат маалыматта.
Евробиримдик 2015-жылы Кыргызстанга ВСП+ - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген.
Бул системанын алкагында кыргыз ишкерлери 6,5 миңдей товарды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк алган. Бул экспортту көбөйтүүгө жана экономиканы чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк экени айтылган. (BTo)
Шерине