Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

Ноокат: Милиция кызматкерлеринин жетекчисине каршы арызы боюнча ИИМде комиссия түзүлдү


Тимур Абдисатар уулу жана Талгат Өскөналиев. Коллаж.
Тимур Абдисатар уулу жана Талгат Өскөналиев. Коллаж.

Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Тимур Абдисатар уулунун райондук милициянын жетекчиси тууралуу айткандары боюнча Ички иштер министрлигинде (ИИМ) комиссия түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирип, айтылган дооматтарды текшерүү үчүн комиссия Ноокат районуна кеткенин кабарлады.

Бул маселе ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экени айтылды.

Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан. Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен иштеше албай турганын айтышкан. Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчисин басым-кысымга айыптап, кызматкерлерди уставдан тышкары ар түрдүү иштерге жумшап жатканын айткан.

Райондук милициянын башчысы Талгат Өскөналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, айтылган дооматтардын баарын четке каккан.

Талгат Өскөналиев “мыйзамсыз аракеттерге мажбурлайт” деген доомат менен 2023-жылы милициянын улук лейтенанты да видео кайрылуу жасаган эле. Облустук милиция аны кайра ишин жетишерлик деңгээлде аткарган эмес деп айыптаган. (BTo/DSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG