Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев Бишкек шаарынын төрт районунун аталышын өзгөртүү демилгесин көтөрдү. ЖКнын төрагасынын орун басары бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 19-ноябрдагы жыйынында айтты.
Ал мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин жетекчиси Кудайберген Базарбаевге кайрылып, Кыргызстанда аталышы өзгөртүлө турган аймактарды бир мыйзам долбоору кылып алып келүү, ага Бишкектин төрт районун да кошуу сунушун берди.
2022-жылы ноябрь айында өткөн биринчи Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да Бишкектеги төрт райондун - Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин көтөргөн. Анын сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары Кыргызстанда “орус тилин кодулоо болуп жатат” деген сын айтышкан.
Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү демилгеси парламентте утур-утур көтөрүлүп жүрөт. (BTo)
Шерине