Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:37

Грузияда оппозициянын акциясы күч менен таркатылды


Тбилиси. 2024-жылдын 19-ноябры.
Тбилиси. 2024-жылдын 19-ноябры.

Грузияда полиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип чыккандардын акциясын күч менен таркатканын 19-ноябрда "Эхо Кавказа" маалымдады. Митингчилер борбор калаа Тбилисиде мамлекеттик университеттин жанына чатыр тигип, эки күн мурда чогула башташкан, акциясы добуштар кайра эсептелип чыкмайынча, таза шайлоо өтмөйүнчө мөөнөтсүз болорун жарыялашкан.

Полиция митингчилерге күч колдонгону, калемпир газ чачканы, он чакты кишини кармап кеткени, алардын арасында журналисттер да бар экени, кеминде бир киши жараат алганы кабарланган.

17-ноябрда демонстранттар жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып, 30 чакты чатыр тигишкен, 18-ноябрга караган түн тынч өткөн, алар акциясы жаңы форматта өтө баштаганын билдиришкен.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары жеринен тарткан видеолордон күч кызматкерлери демонстранттарга орой мамиле жасап, сүйрөп, кол көтөрүп жатканын көрүүгө болот.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган.

"Грузин кыялынын" аткаруучу катчысы Мамука Мдинарадзе борбор калаанын Чавчавадзе проспектиси митингчилерден тазаланганын колдоп, Ички иштер министрлигине "мыйзамдын кесипкөй жана тынч сакталышы" үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Грузия президенти Саломе Зурабишвили "Грузин кыялы" партиясы өлкөдөгү бардык мамлекеттик институттарды "дээрлик басып алганын" айтып, республиканы евроатлантикалык интеграция жолуна кайтарыш үчүн жаңы шайлоо өткөрүү керек экенин билдирген. 11-ноябрда Тбилисиде өткөн пресс-конференцияда ал Европа Биримдигинин делегациясы менен жолугушуу өткөргөнүн, анда ушул маселе талкууланганын айткан жана парламент, өкмөт жана убактысы келгенде жаңы президент легитимдүү болушу үчүн кайрадан шайлоо уюштуруу зарыл экенин белгилеген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG