Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:25

Президент депутаттардын кызматтык автоунаасы тууралуу долбоорду артка кайтарды


Жогорку Кеңештин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңештин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров "Жогорку Кеңеш депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна каршы пикир билдирип, артка кайтарды. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер комитетинин 19-ноябрдагы жыйынында белгилүү болду.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева депутаттарга президенттин каршы пикиринин жүйөсүн чечмелеп, мыйзамды ишке ашыруу үчүн кошумча автоунааларды сатып алуу жана айдоочулардын санын көбөйтүү зарылчылыгы чыкканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, мындай чыгымдар 2025-2026-жылдарга мамлекеттик бюджетте каралган эмес.


2021-жылы президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгашаларын оптимизациялоо тууралуу жарлык чыгарып, анда Жогорку Кеңештин депутаттарынын чыгымдарын азайтууну, министрлердин орун басарларынын санын кыскартууну, мамлекеттик бюджеттин эсебинен кызматтык машинелерди, мекемелерди имараттарын жана иш бөлмөлөрүн оңдоого тыюу салууну тапшырган. Анын буйругу менен парламент депутаттарынын айлык акысы кыскарган. Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн төлөнүүчү компенсациялар жана кызматтык автоунаалар алынып салынган.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге бюджеттин эсебинен чет өлкөлөргө иш сапарга чыгуусун тыюу маселеси да каралган.

Кыргыз парламенти 2015-жылы да кыскартууларга барып, консультанттарынан, кызматтык автоунаалардан баш тарткан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG