Ош облусундагы Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Тимур Абдисатар уулунун райондук милициянын жетекчиси тууралуу айткандары боюнча Ички иштер министрлигинде (ИИМ) комиссия түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирип, айтылган дооматтарды текшерүү үчүн комиссия Ноокат районуна кеткенин кабарлады.
Бул маселе ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө экени айтылды.
Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 10дон ашык кызматкери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан. Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен иштеше албай турганын айтышкан. Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчисин басым-кысымга айыптап, кызматкерлерди уставдан тышкары ар түрдүү иштерге жумшап жатканын айткан.
Райондук милициянын башчысы Талгат Өскөналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, айтылган дооматтардын баарын четке каккан.
Талгат Өскөналиев “мыйзамсыз аракеттерге мажбурлайт” деген доомат менен 2023-жылы милициянын улук лейтенанты да видео кайрылуу жасаган эле. Облустук милиция аны кайра ишин жетишерлик деңгээлде аткарган эмес деп айыптаган. (BTo/DSh)
Дагы караңыз
Вице-спикер Сыдыгалиев Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүүнү сунуштадыГрузияда оппозициянын акциясы күч менен таркатылдыБишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды Президент депутаттардын кызматтык автоунаасы тууралуу долбоорду артка кайтарды“Үч чоку” долбоору ишке кирсе, Ысык-Көлдөгү курорттор 850 миң туристти кабыл алат ЕБ миссиясы Бишкекте өкмөт менен ВСП+ боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жататЖикчил Абхазиянын башчысы Аслан Бжания отставкага кеттиТажик-ооган чек арасында кытайлык жаран каза болду, беш киши жараат алды