Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-ноябрда Бишкекте Түркиянын саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен жолугушууда жыл сайын Кыргызстандын 150 жаранын Түркияда акысыз дарылатуу ишин кайра баштоо сунушун берди.
Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Түркия менен мамлекеттик кызматташтыктын алкагында акысыз дарылануу 2019-жылы 100 квотадан 150гө көбөйгөн.
Бирок 2020-жылы башталган COVID-19 пандемиясынан улам бейтаптардын Түркияга акысыз барып дарылануусу токтотулган. Кыргызстан буга чейин Түркиядан квотаны көбөйтүүнү сураган.
Бейтаптардын бир бөлүгүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, дагы бир бөлүгүн Түркиянын элчилиги тандап жиберет. (BTo)
Дагы караңыз
АКШ: Трамп 10, Харрис жети штатта жеңишке жеттиЕвропада кампада жарылган жүк Орусиянын "кутум ишинин бөлүгү" экени маалым болду 5-ноябрь: Эрдоган "ФЕТО маселесин" көтөрдү, Чеченстанда эркектер жапырт кармалып жатканы кабарландыКыргызстан жогорку окуу жайларда венгриялык студенттер үчүн 100 орун бөлөтПрезидент Жапаров Орбандан фармацевтиканы колдоону суранды Орусияда "чыккынчылык" деген айып менен дагы бир кызматкер соттолдуӨзбекстан менен Азербайжандын президенттери Бишкекке келдиОрбан Венгрия Украинадагы согуштун токтошуна кызыкдар экенин айтты