Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

АКШ: Трамп 10, Харрис жети штатта жеңишке жетти


Дональд Трамп жана Камала Харрис
Дональд Трамп жана Камала Харрис

Медиа каражаттарынын бейрасмий маалыматы боюнча, Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп күтүлгөндөй эле Алабама, Арканзас, Флорида, Индиана, Кентукки, Миссисипи, Оклахома, Түштүк Каролина, Теннеси жана Батыш Виржиния штаттарында жеңишке жетти.

Камала Харрис Коннектикут, Делавэр, Иллинойс, Мэриленд, Массачусетс, Нью-Жерси, Вермонт жана Род-Айленд штаттарында алдыга чыкты.

Бирок дагы башка маанилүү штаттардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы анык боло элек. Алардын ичинде Нью-Йорк, Калифорния сыяктуу штаттар бар.

Шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун алган талапкер АКШнын 47-президенти болот.

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 мүчөсүнүн добушун топтошу керек. Эгер Харрис да, Трамп да бул босого чекке жеткидей добуш топтой албаса, анда жаңы президентти жаңы шайланып келген Конгресстеги Өкүлдөр палатасы январь айында тандайт. Ал эми жаңы шайланып келген Сенаттын мүчөлөрү вице-президентти аныкташат.

“Селкинчек же оома” штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы чыга элек. АКШдагы президенттик шайлоону “селкинчек” жети штат: Пенсильвания, Түндүк Каролина, Мичиган, Висконсин, Жоржия, Аризона жана Невада чечет.

60 жаштагы Камала Харрис өзүн азыркы президент Жо Байден менен Трамптын ордун баса турган муундун өкүлү катары көрсөтүүдө.

78 жаштагы Дональд Трамп ушуну менен шайлоого төртүнчү жолу катышууда. 2020-жылы ал азыркы президент Жо Байденге утулуп, экинчи мөөнөткө калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG