Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Европада кампада жарылган жүк Орусиянын "кутум ишинин бөлүгү" экени маалым болду


Германиянын Лейпциг шаарындагы DHL Express компаниясынын жүк ташуучу учагы
Германиянын Лейпциг шаарындагы DHL Express компаниясынын жүк ташуучу учагы

The Wall Street Journal басылмасы Батыштагы коопсуздук кызматтарындагы ишенимдүү булактарына таянып, Орусия Түндүк Америкага багытталган жүк ташуучу жана жүргүнчү учактарды жардырууну көздөгөн операцияларга жооптуу экенин жазды. Басылма 5- ноябрда жазгандай, июнь айында Британиянын Бирмингем шаарындагы жана Германиянын Лейпциг шаарындагы дүйнөнүн чар тарабына жүк ташыган DHL компаниясынын кампаларында күйүп кеткен жабдыктар Орусиянын "кутум ишинин бөлүгү" болуп саналат.

Өткөн айда Польшанын расмий органдары бул ишти илктөөнүн алкагында төрт киши кармалганын билдирген.

"Топтун максаты - Евробиримдикке же Британияга курьердик компаниялар аркылуу жарылуучу жана башка кооптуу заттар катылган аманат буюм-тайымдарды жиберүүгө багытталган. Алар жерде жана абада ташып баратканда жарылып же өзүнөн өзү өрттөнүүгө жөндөмдүү болгон", - деп айтылат Польшанын прокуратурасынын 25-октярдагы билдирүүсүндө.

Топ ошондой эле АКШга жана Канадага жибериле турган жүктүн каналын аныктоону көздөгөн. Польшанын прокурорлору бул иште чет элдик атайын кызматтар да күнөөлүү экенин белгиленгени менен Орусияны түздөн түз айыптаган жок.

Reuters агенттиги Литванын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кестутис Будристин 5-ноябрда "Орусиянын аскердик чалгын кызматынын НАТОго мүчө өлкөлөргө каршы кинетикалык операциясы" деп айтканын жарыялады.

Орусия азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Мындай маалымат 5-ноябрда АКШда президенттик шайлоодо добуш берип жүрүп жаткан маалда жарыяланды. Wall Street Journal жогорудагы окуяларды добуш берүүгө байланыштырган жок. Батыштын бир катар атайын кызматтары Москваны Европадагы ар кандай диверсиялык жана Украинанын өнөктөштөрүнө багытталган карасанатай иштери үчүн күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG