Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

5-ноябрь: Эрдоган "ФЕТО маселесин" көтөрдү, Чеченстанда эркектер жапырт кармалып жатканы кабарланды


Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. Бишкек. 5-ноябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. Бишкек. 5-ноябрь, 2024-жыл.

5-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Эрдоган Бишкекте Гүлендин кыймылы боюнча маселе көтөрдү

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бишкекте “Ынтымак ордо” президенттик администрациясында эки тараптуу жолугушуу маалында ФЕТО (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушундай атайт - ред.) маселесин көтөрдү. Ал: “ФЕТО баштаган террордун ар кайсы түрлөрүнө каршы күрөш уланарына ишенем”, - деди. Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында президент Садыр Жапаров менен тар жана кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда Түркия Кыргызстандын 58,8 миллион доллар карызын кечкени белгилүү болду. 2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу 300дөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО деп жарыялаган. АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен быйыл 20-октябрда ооруканада каза болгон.

Спикер камактагы журналисттердин маселесин көтөрөрүн айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сот жообуна тартылып абакта жаткан журналисттердин маселесин көтөрө турганын билдирди. Бул тууралуу спикер 5-ноябрда парламентте 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтты. “Мыйзамдын чегинде, балким, жеңил-желпи иш-чара менен бул маселени чечебиз”, - деди ал. Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Ушул тапта дагы бир журналист, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары Адыл Акжол уулу да тергөө абагында жатат.

Сот талапкер Дүйшөналиевди эркиндикке чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад шаардык соту Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Болотбек Дүйшөналиевди 4-ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотконун билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү сотко Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Жалал-Абад облустук милициясы 2-ноябрга караган түнү Болотбек Дүйшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюп, кармаган. Бөгөт чарасы ошол эле күнү Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, ал 22-ноябрга чейин камакка алынган. Боршайком талапкерди аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугу жок кармоо мыйзамсыз экенин эскерткен. 36 жаштагы Болотбек Дүйшөналиев буга чейин социалдык түйүндөрдө Токтогул районунун акимин, анын орун басарын жана шаар мэрин сындап чыккан.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу департамент түзүлөт

Кыргызстанда Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча департамент” мамлекеттик мекемеси түзүлөт. Президент Садыр Жапаров 31-октябрда кол койгон тиешелүү жарлык “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинин 5-ноябрдагы санына жарыяланды. Жарлыкта мындай чечим президенттин администрациясынын жана парламенттин административдик имараттарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу, кызматкерлер жана бул мамлекеттик мекемелерге баргандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынганы айтылат. Садыр Жапаров 2022-жылы Жогорку Кеңештин чарба иштерин жүргүзгөн иш башкармалыгын Президенттин иш башкармалыгына кошкон.

Газада дагы 30дай адам набыт болгону кабарланды

Жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына таянып 5-ноябрда Reuters билдиргендей 10 киши эртең мененки чабуулдан мерт кеткени, 20 чакты адам шейшембиге караган түнкү соккулардын курмандыгы болду. Каза тапкандардын арасында аялдар жана балдар да бар экени маалымдалды. Израил бутага согушкерлердин курал-жарак сактаган жайы алынганын, жайкын тургундардын жабыркашына жол бербөө үчүн бардык аракет көрүлгөнүн кабарлады. Газадагы чабуулдарын Израил бир ай мурда күчөткөн. Бир жыл мурда бир күндө 1200дөй кишисинен айрылган кандуу кол салуудан кийин Израил Газада жана Ливанда ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобуна жана "Хезболлага" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каршы күрөшүп жатканын билдирүүдө.

Украина Орусиянын соккусунан алты киши каза болгонун билдирди

Запорожье шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды, дагы тогуз киши жараат алды. Бул тууралуу аймактын администрация башчысы Иван Федоров Telegram каналына жазды. Ракета түшкөн жерде өрт чыкканы, орус аскерлери бутага инфраструктура объектисин алганы белгиленди. Согуш башталганга чейин калкы 700 миңдей болгон бул шаар Запорожье атомдук станциясынан болжол менен 55 чакырым аралыкта жайгашкан. Европадагы ири АЭС Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери орус тараптын көзөмөлүндө турат. Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко шаар Орусиянын учкучсуз учактарынын эки толкун болуп урулган соккусуна кабылганын билдирди. Өлкөнүн экинчи ири шаары Харьковдо эки аял жараат алганын мэр Игорь Терехов маалымдады. Орусия соңку апталарда Киев, Харьков жана башка шаарларды дээрлик күн сайын аткылоодо.

"Мемориал": Чеченстанда эркектерди жапырт кармап кетип жатышат

Орусиянын курамындагы Чечен Республикасында Росгвардиянын машинасы кол салууга кабылган окуядан кийин эркектер жапырт кармалып жатканын "Свобода" радиосу "Мемориал" адам укугун коргоо борборунун маалыматына таянып жазды. Борбор билдиргендей, Грозный районунда "жүздөгөн киши" кармалды. Полиция бөлүмдөрүндө аларга "же фронтко барасың, же кылмыш иши козголот" деп коркутушкан. Толугураак маалымат алуу мүмкүн эмес экени, себеби кармалгандардын жакындары бир нерсе айтса алардын абалы ого бетер оорлошунан чочулап жатышканы белгиленди. Быйыл 24-октябрда аталган райондо Росгвардиянын машинасы аткыланган. Бир киши каза тапканы, дагы бир киши жараат алганы, кол салгандар качып кеткени, алар табылбай жатканы маалымдалган. "Мемориалдын" жеке булактары "Республиканын тургундары арасында бул кол салууну күч кызматкерлери өзүлөрү уюштурганы, муну менен алар "тазалоо" жүргүзүп, Украинага жөнөтүү үчүн адамдарды топтоп жатышканы тууралуу пикир бар", - деп айтып берген.

Германия: Орусиялык миллиардер Алишер Усмановго коюлган "арам акчаны адалдоого аракет жасоо" деген айып боюнча тергөө токтотулду

Франкфурт прокуратурасы териштирүү токтотулганын, бирок ал 4 миллион евро (4,36 миллион доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттүү экенин билдирди. 71 жаштагы Усмановдун бул каражаты кайрымдуулук уюмдарына жана мамлекетке төгүлөт. Мекеме Усманов шектелген ыктымал мыйзам бузуулар Германия мамлекетине, Гессен аймагына жана бул өлкөдөгү адамдарга же мекеме-ишканаларга эч кандай каржылык залака тийгизбегенин белгиледи. Тергөө 11-октябрда убактылуу токтотулганын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна башкы прокурор Георг Унгефук тастыктады. 4 миллион евронун 1,5 миллиону кайрымдуулук уюмдарына, калганы мамлекетке чегерилмей болууда. Усмановдун адвокаттары 2,5 жылдан берки тергөө ага карата коюлган негизги, анын ичинде арам акча тууралуу айыптарды далилдей албаганын айтышты. Bloomberg компаниясынын миллиардерлер боюнча индексине ылайык, байлыгы 14,4 миллиард доллар деп эсептелген Усмановго байланыштуу Германиядагы териштирүү 2023-жылы башталган. Анын наркы дээрлик 600 миллион долларлык суперяхтасы 2022-жылдын март айында камакка алынган.

Казакстан Кытай менен 2,5 миллиард долларлык сегиз келишимге кол койду

Келишимдерге казак өкмөтүнүн башчысы Олжас Бектеновдун Кытайга сапары учурунда кол коюлду. Казак премьеринин басма сөз кызматы белгилегендей, бул документтердин кабыл алынышы Казакстандын жана Кытайдын башчылары Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзинпиндин алаканы кеңейтүү, ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн эки эсе көбөйтүү стратегиясын бекемдейт. Былтыркы жылы товар жүгүртүү көрсөткүчү рекорддук ченге жетип, 41 миллиард долларды түзгөн. Казакстан менен Кытайдын биргелешкен ишканаларыны саны бүгүнкү күндө 5 миңге жетти.

Шерине

XS
SM
MD
LG