Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:28

Президент Жапаров Орбандан фармацевтиканы колдоону суранды


Садыр Жапаров жана Виктор Орбан. 5-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек
Садыр Жапаров жана Виктор Орбан. 5-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын импортуна көз каранды экенин белгилеп, Кыргызстандын фармацевтика тармагын өнүктүрүүнү колдоону Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандан өтүндү. Бул тууралуу мамлекет башчы 5-ноябрда Бишкекте Виктор Орбан менен жолугушууда айтты.

Жапаров дары-дармек импорту керектөөнүн 97% түзөрүн, бул калктын ушул багыттагы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратарын белгиледи.

"Сизге Кыргызстандын фармацевтикалык тармагын өнүктүрүүнү колдоо өтүнүчү менен кайрылам. Венгриянын тажрыйбасы жана бул тармактагы жетишкендиктери биздин фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүдө чоң роль ойной алат деп ишенем. Мындан тышкары, биз венгриялык өнөктөштөр менен фармацевтика тармагында биздин кадрлардын квалификациясын жогорулатуу үчүн кызматташууга кызыкдарбыз", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы жолугушууда бир катар маселелер талкууланганын жана алар боюнча толук өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин белгиледи. Ошондой эле Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржылаган айыл чарба, машине куруу жана гидроэнергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлор иштеп баштагынын мисал келтирди.

Жапаров Венгриянын инфраструктуралык долбоорлорго, анын ичинде Борбордук Азияны Европа менен байланыштыра турган транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуш кылды.

Жолугушуунун соңунда эки өлкө ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга жана эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбон Бишкекке 5-ноябрда расмий сапар менен келди. Ал 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине да катышат.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр августта Венгрияга иш сапары менен барган. Сапардын алкагында Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер соода-экономикалык маселелерин талкуулаган.

Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG