Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:45

Өзбекстан менен Азербайжандын президенттери Бишкекке келди


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-ноябрда Кыргызстанга келди.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-ноябрда Кыргызстанга келди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 5-ноябрда Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мирзиёев 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммитине катышат.

Ушул эле күнү саммитке катышуу үчүн Азербайжандын президенти Илхам Алиев да Бишкекке келди.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Бишкекке келди. 5-ноябрь, 2024-жыл
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Бишкекке келди. 5-ноябрь, 2024-жыл

Саммиттин алдында Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен келди.

Президенттин администрациясы билдиргендей, бул жолку жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтмөкчү.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери өз ара кызматташтыкты талкуулап, күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат.

Уюмга 2025-жылы төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өтөт.

Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышары кабарланган.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG