"Орусияга товар жиберген". Бишкектик компания санкцияга илинди

Иллюстрация

Америка Кошмо Штаттары Service Fly Bishkek деп аталган кыргызстандык дагы бир компанияга санкция салды. Аталган компания өнүккөн өлкөлөрдөн учак тетиктери менен жабдыктарын сатып алып, аларды санкциялык тыюуларга карабай Орусияга жеткирип турган.

АКШнын Каржы министрлигинин сайтына 31-октябрда жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда катталган Service Fly Bishkek компаниясы быйыл январь айынан майга чейин Европадан жана АКШдан жалпы суммасы 1,2 млн доллардан ашуун каражатка жабдыктарды алып, Орусиядагы "Склад Форесс" компаниясына жөнөткөн.

Дагы караңыз АКШ Кыргызстанда жайгашкан компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги таркаткан маалыматта Орусияга алдыңкы технологияларды жана жабдыктарды жеткирүүгө катышы болгон 275 компания менен жеке адамдарга санкция салганы жазылган. Бул санкциялар кош багыттагы товарларды Орусиянын аскердик өндүрүшүнө өткөрүүдө үчүнчү өлкөлөргө жамынган компанияларга багытталганы белгиленген. Расмий маалыматта АКШнын Финансы министринин орун басары Уолли Адейемонун билдирүүсү берилген.

“Кошмо Штаттары жана биздин союздаштарыбыз Орусиянын мыйзамсыз жана моралсыз согушуна зарыл болгон жабдыктар менен технологиялардын агымын токтотуу үчүн чечкиндүү аракеттерди көрүп жатат. Биздин бүгүнкү иш-аракеттерибиз Орусиянын өз аскердик машинасын жабдуусун алсыратууда жана алардын санкциялар менен экспорттук көзөмөлдү кыйгап өтүүсүнө жардам берүүгө умтулгандарды токтотууда чечкиндүүлүгүбүздөн кайтпай турганыбызды көрсөтүп турат”, - деген АКШнын Финансы министринин орун басары Уолли Адейемо.

Кыргыз бийлиги санкциялык чарага илинген компания тууралуу азырынча кандайдыр бир маалымат жарыялай элек. Компаниянын жетекчилери менен да байланышуу мүмкүн болбой турат.

Service Fly Bishkek Орусияга реэкспортту кантип жасаган?

Юстиция министрлигинин базасын карасак, Service Fly Bishkek компаниясы Бишкектин Ибраимов, 115 дарегинде катталган. Аны 2023-жылдын 3-майында Магомед Омаров аттуу жаран негиздеген. Бул жарандын 2001-жылы башкалар менен чогуу түзгөн дагы бир компанияда ысымы аталганы болбосо, Кыргызстандын жарандары же шайлоочулары тууралуу башка расмий булактарда аты-жөнү кездешпейт.

“Ачык бюджет” порталындагы маалымат боюнча, компания миллиондогон долларга соода жүргүзгөнүнө карабай, Кыргызстандын мамлекеттик казынасына 2023-жылы 805 миң сом, 2024-жылдын он айында 698 миң сомдой төлөм төккөн.

Мунун сыры аталган компаниянын импорттук жана реэкспорттук операциялары негизинен Кыргызстанга кирбей туруп жасалганында сыяктанат. Мындай божомолго “Ачык бюджет” порталындагы Кыргызстанга кирген товардын изинин жоктугу жана башка ачык булактардагы маалыматтар түрткү берет.

Эл аралык ачык булактардагы маалыматтар боюнча, компания Кыргызстанда катталганы менен негизинен Түркия аркылуу иштеген. Товарларды АКШ менен Европадан Түркияга импорттоп келип, андан ары Орусияга жөнөтүп турган. Булактардын баарында тең Service Fly Bishkek компаниясынын Орусиядагы кардары "Склад Форесс" жана ошонун англисче аталышындагы Warehouse Foress деген ишкана экени белгиленген.

Ал эми Tradeindata платформасындагы маалыматтар Service Fly Bishkek компаниясы 2023-жылдын июнь айынан азыркы күнгө чейин 39 транзакция жасап, анда 18,5 тонналык 12 партия товарды Орусияга жөнөткөнүн көрсөтөт. Анда жалпысынан 28 түрдүү товар саткан. Товарлар негизинен авиацияга керектүү болгон ар түрдүү тетиктер менен жабдыктар болгон.

Дагы караңыз Politico: ЕБ өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды январда талкуулайт

Банк тармагы боюнча серепчи Сүйөркул Абдыбалытегин эл аралык санкциялардын кесепеттерин кыргызстандык ишкерлер да жакшы эле тартып жатышканын айтат. Ал Кыргызстан мындай олуттуу тобокелдиктен оолак болгону жакшы деп эсептейт.

“Санкциялардын начар жагы – технологиялардан кемийт, инновациялардан кемийт, орустарда жок технологиялык инновациялар боюнча чоң маселелер келип чыгат. Бул өтө олуттуу, чоң маселелерден. Мен өзүм бир-эки операциялар боюнча талдоого катышып калган учурлар бар. Орусиялык банк санкцияга кирип, анан биздин ишканалардын төлөгөн төлөмү Европада кайсы бир мамлекетте “санкцияга кирди” деп эч жакка жылбай туруп калган учурлар болгон. Алты айлап, сегиз айлап жүрүп, АКШнын ошолорду караган атайын ошондой уюму бар, ошого кайрылып акчаларын араң чыгарып алган учурлар болду эми эле. Бизде бар ал маселелер. Бул өтө чоң тобокелдиктердин бири”.

Бишкек: Орусия менен кызматташууга мажбурбуз

Расмий Бишкек Орусияга салынган санкциялар жана ага Кыргызстандын катышы боюнча өз позицияларын тынбай билдирип, бул жаатта Кыргызстанга сырттан басым болуп жатканын белгилеп келет. Октябрдын башында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан эл аралык санкцияга киргизилген товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Анын ырасташынча, айрым товарларды чектөө боюнча Бишкек милдеттемелерди алып, аларды өлкө аймагына өткөрбөй келет.

Президент Садыр Жапаров 16-октябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстан Орусиядан азык-түлүктү, мунайды импорттоп, ал жакта мигранттары иштеп жүргөндүктөн, кызматташпай коё албашын билдирген.

“Орусия менен биз кызматташпай коё албайбыз. Биздин ортобуздагы товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат. Биз Орусиядан нефть, газ, буудай жана башка тамак-аштарды сатып алабыз. Географиялык жактан алганда биз туюк өлкөдө жашайбыз. Биздин дүйнөгө чыга турган авто жана темир жолубуз да Орусия аркылуу. Орусияда миллионго жакын мигранттарыбыз бар. Анан кантип биз Орусия менен иштешпей коё алабыз? "Силер өзүңөр, Евробиримдиктеги өлкөлөрдүн айрымдары, санкцияга карабай эле Орусия менен иштешип жатасыңар го. Орусия менен болгон соода-сатыгыңар жылына 6 миллиард долларга чыгып жатпайбы. Анан өзүңөргө керек болгондо Орусия менен жакшынакай эле кызматташасыңар дагы, бизге келгенде эле иштешпегиле дейсиңер. Силердин бул талабыңар адилетсиз" деп ачык эле айтып жатам”.

2022-жылдын февралында Орусиянын армиясы Украинага кол салып, анын айынан эл аралык санкцияларга кабылгандан бери Кыргызстан аркылуу ал жакка кош багыттагы жана жогорку технологиялуу товарлардын өтүшү күчөгөн. Батыш өлкөлөрү санкциялык эрежелерди кармануу чакырыгын Бишкекке бир нече ирет билдирген. Үч жылдай мезгил ичинде санкциялык товарларды Орусияга ташып иштеген ондон ашуун кыргызстандык компания санкцияга кириптер болду.

Расмий сатистика боюнча Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстанга экспорту менен Кыргызстандын алардан импортунун көлөмүндө ири ажырым бар. Эл аралык эксперттер Европадан Кыргызстанга кеткен товарлар көп учурда дарегине жетпей, орто жолдон Орусияга бурулуп кетерин айтып келишет.

Дагы караңыз Британия Орусиянын мунай ташыган 18 танкерине жана төрт кемесине санкция жарыялады