Бирок Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин жана Эл аралык валюта фондунун сандары аз. Ошондуктан Сербиядан мурдагы советтик жумуриятка ташылган товарлар расмий көрсөтүлгөн багытына жетпестен, Кыргызстандан үчүнчү рынокко реэкспорттолуп жатат деп айтууга негиз берет.
Сербиядан Кыргызстанга ташылган продукциянын арасында Еврошаркеттин жана АКШнын санкциялар тизмесине кирген же, башкача айтканда, Орусия аскердик өнөр жайында колдонушу ыктымал деген товарлар бар. Муну Сербиянын Статистика агенттиги каттаган бажы коддорунан байкоого болот.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу серб өкмөтүнөн жана Соода министрлигинен ошол продукцияны орус рыногуна жеткирүүдө Кыргызстан транзит болуп берүүдөбү жана товарлар кандайча көзөмөлдөнөрүн сураган. Бирок расмий органдар ал катка жооп берген жок.
Мамлекеттик мекемелер ошондой эле Кыргызстанга экспорт соңку эки жылда эмне себептен кескин өскөнүн түшүндүргөн жок.
Кыргызстанга экспорттун кескин өсүшү
Белграддагы Статистика институнунун маалыматы боюнча 2022-жылы Сербиядан Кыргызстанга 12,8 млн долларга товар экспорттолгон. 2023-жылы бул көрсөткүч алты эсеге өсүп, 81,8 млн долларды түзгөн.
Бирок Кыргызстандын перспективасынан алып караганда, ошол товарлардын көбү өлкөгө жетпегени ачык эле көрүнүп турат.
Былтыр Кыргызстанга Сербиядан 80 млн ашуун долларга товар экспорттолгону катталса, өлкөгө кирген продукциянын көлөмү 7 млн долларга гана жакындайт.
Мындай чоң ажырымды Эл аралык валюта фонду да байкаган. Мекеменин 2023-жылдын ноябрынан быйылкы февралга чейинки докладына ылайык, Сербия Кыргызстанга 30 млн долларга товар экспорттогон. Ошол эле маалда Кыргызстанга бир млн долларга эле товар кирген.
Эл аралык валюта фонду адатта расмий мамлекеттик институттардан алган статистиканы талдап чыгат.
Сербиянын Статистика агенттигинин сандарына ылайык, Кыргызстанга экспорт өсүп баратат. Быйылкы жылдын төрт айында эле Балкандагы өлкө Кыргызстанга экспорттогон товарлардын көлөмү 54,1 млн долларга жетти. Бул 2022-жылдын 12 айынын көрсөткүчүнөн төрт эсе ашат.
Ал жылдын февралында Орусия кошуна Украинага басып киргенден кийин Батыш Москвага экономикалык жана саясий санкцияларды салып, азыр да ошол чараларды улам катаалдаштырып жатат.
Сербия Кыргызстанга эмне экспорттойт?
Картон, мөмө-жемиштердин көчөттөрү өңдүү жай турмушта керектелүүчү продукциядан тышкары Статистика агенттиги “өтө артыкчылыктуу” же аскердик өнөр жайда колдонулган кош максаттагы товарларды каттап келатат.
Бул товарлар Евробиримдик менен Кошмо Штаттардын санкциялар тизмесине камтылган. Орусияга каршы “кара тизме” Москва Украинага кол салгандан кийин эл аралык жазалоочу чаралардын алкагында киргизилген. Аскердик тармак үчүн маанилүү технологиялар менен материалдардын экспортун чектеген санкциялар бир нече пакет менен катаалдаштырылган.
Европа комиссиясынын Финансылык стабилдүүлүк, финансылык кызматтар жана капитал рыногунун биримдигинин сайтында ошол тизме менен таанышса болот.
Ал “Кош максаттагы товарлардын жана Украинадагы майданда колдонулган орусиялык аскердик системалардагы же ошондой системаларды иштеп чыгууда, жасоодо, пайдаланууда чечүүчү роль ойногон алдыңкы технологиялардын тыюу салынган тизмеси” деп аталат.
Статистика агенттигинин маалыматын анализдеп чыксак, 2022-жылы Сербия Кыргызстанга экспорттогон андай продукциянын баасы 340 миң долларды түзгөн, 2023-жылы 7,7 млн долларга жеткен экен.
Санкция салынган товарлардын арасынан эң көп шариктүү подшипник, учактардын, тик учактардын, дрондордун тетиктери жана электроникалык жабдыктардын схемалары экспорттолгон.
Бул товардын канча бөлүгү Кыргызстанга киргени же башка өлкөлөргө реэкспорттолгону белгисиз. Себеби кыргыз Статистика комитети соңку эки жылда импорттолгон товарлардын конкреттүү түрлөрү тууралуу маалыматын жарыялаган эмес. Мекеме андай деталдуу маалыматты жарыялоонун зарылчылыгы жок деп билдирген.
Сербиянын Бизнести каттоо агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга товар экспорттогон сербиялык компаниялардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү Орусия Украинага басып киргенден кийин, башкача айтканда 2022-жылы 24-февралдан кийин түзүлгөн.
Ошол компаниялардын ээлери Орусиянын, Кубанын, Молдованын, Украинанын, Еврошаркеттин Италия, Литва же Словения өңдүү өлкөлөрүнүн жарандары болуп чыкты.
Сербиянын Статистика агенттиги соода кылынган товарлардын түрүн жана көлөмүн көрсөтсө да, Еврошаркет менен АКШнын санкция тизмесиндеги продукцияны өлкөдө катталган кайсы фирмалар сыртка сатканын тактабайт.
Брюссел үчүнчү өлкөлөргө кылдат байкоо салат
Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, Сербиядан тышкары башка европалык өлкөлөрдүн, анын ичинен Германиядан, Польшадан жана Италиядан Кыргызстанга экспорт соңку эки жылда сезилерлик түрдө өскөн.
“Кыргызстан - фактураларда көрсөтүлгөн гана өлкө. Санкцияларга карабай Орусияга ташылган товарлар өткөн пункт гана”, - деп комментарийледи Эл аралык финансы институтунун улук экономисти Робин Брукс Х социалдык тармагындагы постунда.
Брукс санкциялар бузулуп атат деген оюн Кыргызстан менен европалык өлкөлөрдүн ортосундагы экспорт-импорттогу айырмага таянып айтып жатабы же Кыргызстанга кеткен товарлар Орусияга ташылып жатат деген далилдери барбы, белгисиз. Экономист иликтөө жарыяланып жатканда бул суроого жооп бере элек болчу.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Брукстун дооматтарына жооп кайтарып, Брюсселге кыргыз фирмаларынын кош максаттагы товарлар менен соода кылуу ыктымалдыгын айтып турууну сунуш кылганын билдирди.
“Биз тоталитардык мамлекет эмеспиз. Ошондой күмөн санаткан келишимдердин бардыгын көзөмөлдөбөйбүз жана андай кылууга жол бербейбиз”, - деп жазган Байсалов Х социалдык тармагына.
Санкцияларга адистешкен эксперт, Германиянын регионалдык жана глобалдык изилдөөлөр институтунун кызматкери Кристиан фон Зеста “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтып бергендей, экспортту чагылдырган сандар Орусияга каршы санкциялар бузулуп жатат деп айтууга жетиштүү негиз эмес, бирок бул багытта кошумча көзөмөл зарыл.
“Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгону Европа менен сооданы натыйжалуу көзөмөлдөө ишин кыйындатат. ЕАЭБге кирген мамлекеттердин соода компаниялары жана өкмөттөрү тыкыр көзөмөлдөнүп турушу керек”, - деп айтты фон Зеста.
Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан, Орусия кирген экономикалык уюмдун ичинде соода бажы төлөмдөрүсүз жана кошумча текшерүүсүз жүрөт.
Евразия экономикалык комиссиясынын статистикасы боюнча Украинада согуш башталгандан бери Кыргызстандын биримдик алкагындагы жүк ташуусу улам өсүп келатат.
"Евробиримдик кырдаалга жакындан байкоо салууда", - деп жооп беришти Европа комиссиясынан.
Батышта жасалган товарлардын Орусияга Кыргызстан жана ЕАЭБдин башка мүчөлөрү тарабынан ташылышын алдын алуу үчүн чаралар көрүлөбү, ал кандай чаралар деген суроого комиссия санкцияны аткарбоонун бардык схемаларына көз салынып жатканын, бул маселени жөнгө салуу артыкчылыктуу багыт экенин айтышты.
“Еврошаркет санкцияларды буйтап өтүү үчүн платформа болуп берген, өзгөчө санкцияларды бузган, Орусияга "кара тизмедеги" товарларды реэкспорттоо схемаларына аралашкан үчүнчү өлкөлөргө көз салууда. Санкцияларды кыйгап өтүүнү алдын алуу үчүн ошол өлкөлөр менен дипломатиялык чөйрөдө иш алып баруу жана кызматташуу абдан маанилүү. Бул маселе шаркеттин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливандын мандатынын өзөгүн түзөт ”, - деп Еврокомиссиядан билдиришти.
Алар аскердик максатта колонулушу мүмкүн деген технологиялар менен жабдуулар камтылган, Орусияга сатууга болбойт деген кош максаттагы товарлардын тизмеси үчүнчү өлкөлөр менен талкуулардын чордонунда болуп келатканын белгилешти.
“Биз үчүнчү өлкөлөрдү ошол продукцияны Орусияга реэкспортоого тыюу салууга үндөдүк. Себеби аларды орус аскерлери Украинадагы майданда колдонору анык. Ошон үчүн ал тизмени үчүнчү өлкөлөр менен жакшылап талкуулайбыз. Мындан тышкары компаниялар ошол товарлар менен соода кылганда этият болууга тийиш”, - деп билдирди Еврокомиссия “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна.
Сербия Еврошаркетке кирүүгө талапкер болгону менен Биримдиктин Москвага каршы санкцияларына кошулган эмес.
Балкандагы бул өлкө Орусияга товар сата алат. Бирок Орусияга аскердик өнөр жайы үчүн пайдаланышы мүмкүн деген товарларды экспорттоого болбойт деген көрсөтмө берилген. Согуш башталганда андай шартты Сербиянын Эсеп палатасы жарыялаган.
Санкциялар эрежелерине баш ийбеген өлкөгө Батышта чыгарылган алдыңкы техниканы алууга тыюу салынып, жазаланышы ыктымал. Мындай чечим Еврошаркет 2023-жылдын июнунда кабыл алган санкциялардын 11-пакетинде камтылган.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун буга чейинки иликтөөсүнө караганда, Украинада уруш башталгандан тартып, былтыркы жылдын аягына чейин сербиялык компаниялар аркылуу Орусияга кеминде 71,1 млн долларга продукция жөнөтүлгөн. Ошол товарлар АКШ менен Евробиримдиктин “кара тизмесине” кирет.
Журналисттер Эл аралык сооданын көрсөткүчтөрүнө таянып, Сербиядагы компаниялардын согуш тутанган 2022-жылдын февралынан берки 14 миң товар ташуусун талдап чыккан.
Сербиянын өкмөтү жана Ички жана тышкы соода министрлиги ал иликтөөгө реакциясын билдирген эмес. Евроинтеграция боюнча министрлик: “Сербия санкцияларды кыйгап өтүүгө каршы күрөшүү, анын ичинде экспортко болгон көзөмөлдү күчөтүү үчүн конкреттүү чараларды көрүүдө”, - деп жооп берди.
Сербиянын Соода палатасы «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна берген жообунда Еврошаркеттин бажы органдары Орусияга багытталган товарлардын бардыгынын тобокелдик ыктымалдыгын карап чыгат деп эскертилгенин, бирок Сербияда иш жүргүзгөн фирмалар санкцияларды бузган деген маалыматы жок экенин билдирди.