Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

Орус - украин согушу: Дагы үч кыргыз компаниясы санкцияга илинди


Иллюстрация
Иллюстрация

Британия өткөн аптада Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип, Украинадагы согуштук аракеттерди каржылоого көмөктөшүүдө деген жүйө менен бир катар компанияларга санкция салган. Алардын катарында Кыргызстанда каттоодо турган ишкана да аталган. Өткөн аптада Вашингтон да кыргызстандык эки компанияга "Орусия менен активдүү кызматташканы" үчүн санкция салган эле. Андан мурун да АКШ кыргызстандык бир канча компанияны кара тизмеге киргизгени белгилүү.

Акыркы компаниялар кандай ишканалар? Алардын кара тизмеге киришине эмне себеп болду?

Америка Кошмо Штаттарынын 12-июндагы соңку санкциялык тизмесине Кыргызстанда катталган “Транзит Сервис Бишкек” жана “Нова проект” фирмалары кирди. Ал эми Улуу Британия “Интер Стайл Плюс” деп аталган кыргызстандык компанияга санкция салганын жарыялады. Аталган үч компания тең “кара тизмеге” Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип, Украинадагы согуштук аракеттерди каржылоого көмөктөшүп жатат деген жүйө менен кабылган.

"Транзит Сервис Бишкек" санкциялык тизмеге эмне үчүн кирип калганы такталган эмес.

Бюджетке төккөн каражаттары аркылуу талдаганда, “Транзит Сервис Бишкек” компаниясы түзүлгөндөн бери илең-салаң иштеп келип, 2019-жылы ташы өргө кулай баштагандай болду. Андан кийинки ооматы 2022-жылы келип, ири бизнес операцияларды жасаганы көрүнүп турат. Алсак, мамлекеттик казынага 2022-жылы 1,5 млн, 2023-жылы 4 млн сомдон ашуун төлөм чегерген. Ал эми 2024-жылдын беш айында 4 млн сомго чукул төлөм жасаган.

АКШнын Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Нова проект" компаниясын орусиялык ишкер Дмитрий Алиханов аэрокосмос өндүрүшүндө керектеле турган тетиктерди алуу үчүн ортомчу ишкана катары колдонуп келген.

“Нова проект” фирмасынын негиздөөчүсү Гульфира Тугушевага байланышканыбызда, сүйлөшүүдөн баш тартып койду:

“Мен журналисттер менен сүйлөшпөйм. Кечирип коюңуз. Жакшы калыңыз”.

Ал эми Улуу Британиянын санкциясына кабылган “Интер Стайл Плюс” компаниясы тууралуу 2023-жылдан бери айтылып келген.

Алгачкы жолу 2018-жылы түзүлгөн “Интер Стайл Плюс” компаниясы 2022-жылы 24-мартта кайра каттоодон өткөн. Кайра катталганда ишмердигинин багыты, негиздөөчүсү, жетекчиси жана дареги бүт өзгөргөн.

“Ачык бюджет” порталындагы маалыматка ылайык, “Интер Стайл Плюс” компаниясынын бюджетке төккөн төлөмдөрү 2022-жылдан башталган. 2023-жылы бюджеттик төгүмү 500 миң сомдон ашыгыраак болсо, 2024-жылдын июнь айынын башына чейин 6,5 млн сомго жеткен.

Компаниянын интернет-сайтында жарандык өндүрүштөгү ишканалар үчүн заманбап металл иштетүүчү жабдыктарды жеткирип берери айтылган. Анда компания станок чыгаруучу технологиялар жаатындагы дүйнөлүк лидерлер менен тыгыз байланышта иштээри белгиленген.

Компаниянын сайтындагы телефон номуру менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

2023-жылы октябрь айында Denik N басылмасы Чехиянын өнөр жай жабдыктары Түркия жана Кыргызстан аркылуу Орусияга өтүп жатканы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Журналисттер иликтеп чыккандай, кээ бир иштерде согуш башталгандан кийин түптөлгөн кыргызстандык "Интерстайл Плюс" фирмасы маанилүү роль ойногон. Алсак, чехиялык TOS Varnsdorf компаниясы алар менен келишим түзүп, өздөрү чыгарган станокторду Бишкектин жанындагы машина куруучу заводдорго жөнөтүп турууну макулдашкан. Бирок басылма ал фирма кепеде жайгашканын, заводдун өзү болсо бир нече жылдан бери иш жүзүндө жабык турганын аныктаган.

TOS Varnsdorf компаниясынын сатуулар боюнча директору Милош Холаковский алар өз ишин мыйзамдарга жараша жүргүзгөнүн айтып берген.

“Биз жабдыктарды "Интерстайл Плюс" фирмасына сатканбыз. Продукция багытталган кардар катары Кыргызстандагы заводдордун бири аталган”, - деп билдирген Холаковский, товар Орусияга жөнөтүлбөйт деген тастыктама алынганын кошумчалаган.

Чехиялык компания иликтөөдөн кийин кыргызстандык тарап менен кызматташтыкты токтоткон.

Санкциялык эрежелерди бузуунун кесепети кандай болот?

Адатта “кара тизмеге” киргизилген компаниялар эл аралык деңгээлде иш жүргүзө албайт жана Батыш өлкөлөрүндөгү ишканалар менен кызматташуусуна жол жабылат. Андай компанияларды тейлөөгө да тыюу салынат.

Еврокомиссиянын эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Питер Стано Борбор Азиядан барган журналисттер менен Брюсселде жолугушканда чөлкөмдүн өлкөлөрү ашкере көз карандылыктан кутулуп, өзүнүн өнүгүүсүнө карай багыт алышы керектигин белгиледи:

“Еврошаркет Орусияны дагы да бөгөттөө боюнча өз өнөктөштөрү менен иштешүүнү улантат. Бул жерде европалыктар борборазиялык өлкөлөр менен иштешүүнүн кеңири мүмкүнчүлүгүн көрүп турат. Борбор Азия өлкөлөрү акыл калчоону өзгөртүшү зарыл. Орусияда эрежелер кандай өзгөрүлмөлүү экенин сиздер башкалардан жакшы билесиздер. Баары ичкериден жүрүшү керек. Путин өз дымагын силердин өлкөңөрдө ишке ашырууга аракет кылат. Анткени ал Украинада жолу болбой жатат. Акыры Путин өз каталарынын эсесин кайсы бир жерден толтургусу келет. Эмне кылыш керек болот? Беларус анын толук көзөмөлүндө. Борбор Азияны ал өзүнүн оюн талаасы катары эсептейт. Арийне, бул чөлкөмдө Кытайдын басымы өсүп бараткандыктан, ал мурункудай таасирлүү болбой калышы мүмкүн. Чындыгында азыр Орусия жанында калган азгантай сандагы союздаштарынан өтө көз каранды болуп турат”.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкциялардын талабын сактоого даяр экенин айткан.

Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

Финансы жана төлөмдөр боюнча эксперт Сүйөркул Абдыбалытегин эл аралык санкциялардан улам орус экономикасы инновациялар менен технологиялардан аксап каларын айтат:

“Буга чейин орус экономикасы кандай болгон? Негизинен олигархатка таянган экономика болгон. Олигархат эмне кылчу? Бүт пайданын баарысын тең орус экономикасынан чыгарып, чет өлкөлөрдө сактачу. Ал эми азыр айла жоктон, санкциялар болуп атканына байланыштуу акчасын орус экономикасына сактаганга, орус экономикасына кайрадан инвестиция кылганга мажбур болот. Бул түздөн-түз орус экономикасына жакшы пайда алып келет. Санкциялардын начар жагы - албетте, экономика технологиялардан өксүйт, инновациядан өксүйт. Орусияда жок технологиялар менен инновациялар боюнча чоң маселелер келип чыгат. Ал маселелерди өкмөт кандай чечерин турмуш көргөзөт”.

“Азаттык” буга чейин Орусиянын согушка жардамдашып жаткан компаниялары менен кызматташуусу ыктымал делген кыргызстандык ишканалар боюнча атайын иликтөө жасаган.

Андан көп узабай, 2023-жылы июль айында АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына санкция салган. Ага чейин “Тро, Я” аттуу компания да санкциялык тизмеге киргизилген.

Былтыр 12-декабрда Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Бишкекте катталган "Вайтмэнн Хандельн Альянс" (Weitmann Handeln Allianz LLC) аттуу жоопкерчилиги чектелген коомду “кара тизмеге” кошкон.

XS
SM
MD
LG