Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин орус-украин согушунда Орусияны колдоо сунушу кыргыз коомчулугунун сынына кабылды. Эл өкүлү парламенттин 4-сентябрдагы жыйынында бул өлкөнүн бир нече облусу дрон чабуулуна дуушар болуп жатканын белгилеп, "бул маселени терең изилдеп бир чечимге келүүнү, колдоону" сунуштаган.
Орусия аскердик операция деген негизде Украинага бастырып кирип, согуш ачкан эки жарым жыл аралыгында бул өлкө менен тыгыз кызматташканы үчүн Кыргызстандагы бир нече компания АКШ жана Батыштын санкцияларына илинип, "кара тизмеге" киргизилген. Кыргызстандык интернет колдонуучулар Масалиевдин Орусияны колдоо пикирин "жоопкерчиликсиз" деп атап, Кыргызстандын "бейтарап позициясына" көлөкө түшүрөрүн белгилешкен.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Орусияда кыргызстандык мигранттар эмгектенип жатканын, Кыргызстан курамында Орусия дагы бар Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө экенин белгилеп, орус-украин согушунда бул өлкөгө жардам берүүнү сунуштады.
"Кандай формада жардам бере алабыз деген багытта ойлонуп көрсөк болор"
Эл өкүлү парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиевге кайрылып, бериле турган жардамдын формасын карап чыгуу зарылдыгын айтты. Масалиев Орусияга кандай жардам берилиши керектигин белгилеген жок. Анын пикирине парламентте жооп дагы берилбеди.
"Эки жылдан бери эки мамлекет, Орусия менен Украинанын ортосунда аскер аракеттери, ачык айтканда, согуш болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин ал биздин өнөктөштүн ички иштери болчу. Биз нейтралдуу позицияны ээлеп турганбыз, негизи муну туура деп эсептеп жатам. Бирок августтан тартып 15 облуска бомба ташталып, ракета учуп баратат. Менин ойлогонум, коркконум, өкүнгөнүм, ошол жерде биздин миллионго жакын калкыбыз, балдарыбыз, кыздарыбыз эмгектенип жатат. Экинчиден, биз Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчөбүз. Мен сизге, төрага, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары кайрылат элем, ушул маселе боюнча терең изилдеп туруп, тийиштүү чечимдерге барышыбыз керек, колдошубуз керек. Болбосо жакында Улуттук банк Орусиянын банктары менен иштебегиле деген маалымат чыгып калды. Бул кандай сөз? Бул Орусияга каршы аракетибиз деп эсептелип жатат. Балким, биз Орусия менен кызматташуу уюмубуз деле аракет кылып же тийиштүү комитетибиз ГосДума менен мамиле түзүп кандай формада жардам бере алабыз деген багытта ойлонуп көрсөк болор".
Эл өкүлүнүн мындай сунушу соцтармактарда талкууга алынып, аны сындагандар чыкты.
Ошол эле учурда ЖККУнун ишмердигин сындагандар да болгон. Анткени тиешелүү документтерде ЖККУнун негизги максаты - ага кирген өлкөлөрдүн аймагын армиянын күчү менен тышкы согуштук агрессорлордон, эл аралык террористтерден, чоң масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо деп белгиленген.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. Азыр бул мамлекеттердин ичинде, Беларус менен Казакстандан башка өлкөлөрдүн чек арасында утур-утур чыр-чатак чыгып жатат. Орусия болсо Украинада согушууда. Быйыл жайында Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгарын жарыялап, сентябрда ЖККУнун бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтотконун жарыялады.
Соцтармактагы пикирлер
"Кыргызстан эмнеге баскынчы, агрессор өлкөгө жардам бериши керек?! Дүйнөгө бүлүк салган Кремлге эмнеге кол кабыш кылыш керек?! Эмнеге дүйнөлүк зулумга ортоктош болуш керек?! 2022-жылы 22-февралда ким, кимдин өлкөсүнө басып кирди? ЖККУну эми эстедиңерби? Тажикстан Кыргызстанга кол салганда бул уюм каякта эле? Сиз эмнеге ошондо бул маселени көтөргөн жоксуз? 2010-жылы жардам сураганда ЖККУ былтыйып туруп бергенин унуттуңузбу? Ошончолук эле мигранттарды ойлойт экенсиз, буга чейин эмнеге мигранттардын акысын коргош үчүн үн каткан жоксуз?.. Өлкө жетекчилиги "нейтралитет" деп так жана даана айтпадыбы?!" -деп жазган саясат талдоочу Руслан Акматбек.
"Исхак Апсаматович, сиз өзүңүздүн балаңызды жөнөтүүгө даярсызбы? Эгер агрессивдүү окуппантка ушундай эле жардам бергиңиз келип жатса, балким, өзүңүз дагы барасыз. Кыргызстандыктардын балдарын жайына коюңуз. Тажикстан кол салганда ЖККУ кайда эле? Ошондо сиз каякта элеңиз? Эмнеге сиз ошол учурда унчуккан эмессиз? Ошондо эмнеге ушундай "катуу" чакырык менен чыккан эмессиз? Жалгыз Орусиянын гана кызыкчылыгына ойногон ЖККУнун куурчагы болгонду токтотуш керек", - деген Фейсбук колдонуучу Асылкан Шайназарова.
"Биздин өзүбүздүн проблемалар жетишпей жаткандай. Ал өзү баласын жөнөтө албайт же өзү барбайт. Жогорку трибунадан сүйлөп коюу бир, сүйлөгөн сөзүнүн кесепетин кабыл алып, өзү үлгү болуусу такыр башка иш. Унчукпай эле койсо болмок", - деген Бермет Турсунакун.
"Бизге кол салуу болгондо бул ЖККУ кайда эле?" - деп суроо салган Жумгалбек Өмүракунов.
"ЖККУ - аскердик уюм. Кыргыз аскерлерин Орусиянын согушуна жиберелиби эми? Бул баскынчылык согуш кыргыздардын согушу эмес. Сиздин кичи мекениңизде - Баткенде согуш болгондо Путин, ЖККУну эмне деди эле? Бул силердин ички ишиңер, биздин проблема эмес деп койбоду беле?.. Согуштун кесепети кыргыздарга тийип жатат, санкциялар, мобилизация, баалар көтөрүлүп", - деген Гүлжамал Исаева аттуу интернет колдонуучу.
"Алар согушту баштаардан алдын биз менен кеңештиби? Же Украина биринчи кол салдыбы? Миллион мигрант жүрсө, алар бекер жүрүшкөн жок, иштесе салыгын төлөп жатышат, жашаса батирин төлөп жатышат, тамак-ашын сатып жеп жатат, кудум Орусия бекер багып жаткандай айтасыз го!!! Согуш башталгандан бери аларга ксенофобиялык чабуулдар өтө көбөйдү", - деген Өмүр Алтымышев.
Бул парламент депутаты Исхак Масалиевдин сунушуна айтылган пикирлердин айрымдары.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий Бишкек Кыргызстан эгемен мамлекет катары көп векторлуу саясат жүргүзөрүн, Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуяларда нейтралдуу позицияны карманарын айткан. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү кайсыл бир өлкөнүн атынан согушуп, аскердик аракеттерге катышкандар Кыргызстандын мыйзамдарына жараша жоопкерчиликке тартыларын бир нече жолу белгилешкен.
"Масалиевдин айткандары жоопкерчиликсиз билдирүү деп эсептейм"
Журналист жана талдоочу Миржан Балыбаев санкция салуу шарттарын Кыргызстан эч убакта бузбаганын жана мындан ары да бузбоого болгон аракетин көрөрүн Тышкы иштер министрлиги билдиргенин эске салды. Саясатчы катары таанылган Масалиев ушуга биринчи кезекте көңүл буруп, "ачык соодалашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой турган Кыргызстан санкцияга кабылса, өлкө тагдыры кыйын болорун эске алышы керек" дейт:
“Калдайган Кытай, Америка менен теңтайлашып турган держава Америкага баш ийип, алардын санкцияларына кабылбоо үчүн банктарына Орусия менен болгон алыш-бериш төлөмдөрү боюнча операцияларын токтотту. Бизде болсо ачык ушундай билдирүү жасап жатканы санкция киргизип жаткан өлкөлөр үчүн сигнал болот. Бейтараптуулук позициясын карманып жаткан Кыргызстан үчүн Масалиевдин бүгүнкү билдирүүсү жеке пикир катары кабылданат деп ишенем. Маселен, биз союздаш, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчөсүбүз деп эле балтабызды көтөрө чуркаганыбыз болбойт жана биз үчүн бул кооптуу. Агрессор өлкө коңшулашына кол салып жатканда ойлонушу керек болчу. Ал өз маселеси жана иши. Масалиевдин айткандары жоопкерчиликсиз билдирүү деп эсептейм. Мамлекет анын кебине кулак салып, Орусияга жардам бере баштайт деп ойлобойм. Себеби бизде буга чейин 2010-жылы Оштогу коогалаңда ЖККУдан жардам сураганбыз, анда алар бул биздин ички ишибиз экенин айтып, жардам берүүдөн баш тарткан. Тажикстан менен болгон чыр-чатакта алар ооз учунан гана кой-ай деп айтымыш болду, бирок иштиктүү жардам болгон жок. Биз ЖККУдан алгылыктуу коргоо жана колдоо ала алган жокпуз. Ошону да эске алышыбыз керек”.
64 жаштагы Исхак Масалиев парламентке "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын шайланган. Ал Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын лидери. Парламентке эки ирет башка партиянын тизмесинде шайланганы менен, өз партиясынын мүчөсү бойдон калганын айтып келет. Масалиев Коммунисттик партиянын жетекчиси катары Лениндин туулган күнү, Октябрь революциясынын күнү деген майрамдарды эскерген иш-чараларга катышат. Кытай, Орусиянын Коммунисттик партиянын мүчөлөрү менен жолугушуусун соцтармактагы баракчаларга жарыялап турат.
Жарандык активист Адил Турдукулов парламент депутаты Исхак Масалиевдин айткандарын анын жеке пикири катары кабыл алуу керек деген ойдо. Ал учурда геосаясий абал курч экенин белгилеп, "кайсыл бир тарапты тандоо Кыргызстан үчүн пайда алып келбейт" деп эсептейт:
“Масалиев бул боюнча буга чейин да жазып жүргөн, ал орусиячыл саясатчы жана Советтер Союзу кайрадан калыптансын деген мүдөөсү бар деп эсептейм. Масалиев өзүнүн гана позициясын айткан болушу мүмкүн, а балким, Москвадан таңуулаган ойду ачыкка чыгарууга аракет жасап жатат. Анткени чынында Орусия тынчсызданып, Кыргызстандын нейтралдуу позициясын жактырбай турат. Алар экономикалык жактан өзүнө көз каранды мамлекеттердин да колдоп туруусун каалайт. Расмий болбосо дагы Орусиядагы айрым медиа каражаттары колдоого албаганы үчүн Кыргызстанды ыплас сөздөр менен айыптап келген. Масалиевдин сөздөрүн ошонун уландысы катары да кабылдасак болот. Анткени Кыргызстандагы саясатчы, депутат бул тууралуу айтса, бул расмий позициянын бурулушуна да таасир этет деген божомолдор бар. Бирок президент Жапаров, Тышкы иштер министрлиги да буга чейин бир нече жолу Кыргызстан бейтарап позицияны карманарын, согушту колдобой турганын жана эки тарапта тең кыргыз жарандарынын куралчан согушканы мыйзамдарга ылайык жазаланарын айтып келген. Бир тарапты тааныганыбыз бизге чоң пайда алып келбейт. Баарына белгилүү – биз Орусиядан экономикалык жактан көз карандыбыз, экинчиден, Орусияны колдосок, санцияларга туш болобуз. Украинадагы болгон окуяларга аралашпай, тынч жүргөнүбүз оң. Биз, Кыргызстан, жаңыдан өнүгүп келе жаткан мамлекетпиз”.
Ушул тапта кошуна өлкөлөрдө эгемендикке шек келтирип, Орусияга кошулуу демилгесин көтөргөндөр сот жообуна тартылууда. Казакстанда Орусиянын курамына кирүү керектиги тууралуу айтып чыккан эки жергиликтүү тургун беш жылга эркинен ажыратылды. Самарканд шаарынын соту Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө көлөкө түшүргөн деп жергиликтүү тургунга өкүм чыгарып, 3 жылга эркиндигин чектеди. Соттук материалдарга ылайык, 74 жаштагы жаран СССРди калыбына келтирүү зарылдыгын жазып жүргөн.
Августтун аягында Кыргызстандагы “Мбанк” жана "Керемет банк" баштаган ири банктар Орусия менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтоткон.
Улуттук банк "Азаттыктын" суроосуна берген жообунда "учурда коммерциялык банктар эл аралык санкциялардын терс кесепеттерин алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын" айтып, "экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында кардарларга жана контрагенттерге көзөмөлдү күчөтүү, кардарлардын санкциялык тизмеде жок экендигин тыкыр текшерүү чаралары көрүлүп жатканын" билдирген.
Орусия Украинага 2022-жылы февралда бастырып кирген. Москва муну "орус тилдүүлөрдү коргогон атайын операция" деп атайт. Дүйнөнүн басымдуу бөлүгү бул үчүн Кремлди сындап келатат. Кол салууга кабылган Украинанын 38 миллион калкынын 16 миллиондон ашууну чет өлкөлөргө чыгып кеткен, дагы 8 миллионго жакыны өлкөнүн башка аймактарына көчүүгө мажбур болгон.
Украина Орусиянын Курск облусунун аймагына 6-августта кирип барган. Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин өткөн айдын соңунда айтканына караганда, учурда алар 100 калктуу конушту өз көзөмөлүндө кармап турушат. Зеленский Орусиянын Курск аймагындагы аскердик операциянын максатын Орусиянын аймагын басып алуу эмес, "буфердик зона" (коопсуздук үчүн "өткөөл аймак") түзүү аракети деп түшүндүргөн.