Министрлер кабинети 30-октябрда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча концепцияны бекитти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. Балдар мектепке 6 жаштан тартып бара баштайт, нөлүнчү класс биринчи класс болуп эсептелет. Концепция боюнча 12 жылдык билим берүү жаңы эрежелерге мугалимдерди даярдоо, окуу стандарттарын жана программаларын түзүү, ыңгайлаштыруу, мектептердин инфраструктурасын жаңылоо болуп отуруп бир нече жылдын ичинде толук ишке ашат.
2025-жылга чейин билим берүү стандарттары, программалар жаңыланат, мугалимдер окуудан өтөт. 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтүшөт.
- 2025/2026-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2015-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
- 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2012-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
- 2026/2027-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2016-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
- 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2013-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
- 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2010-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт.
- 2027/2028-окуу жылында: 11 жылдык мектептин 3-классынын окуучулары (2017-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 5-классына өтөт.
- 11 жылдык мектептин 6-классынын окуучулары (2014-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 8-классына өтөт.
- 11 жылдык мектептин 9-классынын окуучулары (2011-жылы туулган) 12 жылдык мектептин 11-классына өтөт. Ошентип, окуу процесси 12 жылдык система боюнча жүрө баштайт.
12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет.
Ушул тапта өлкөдө 2 377 мектеп бар, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Анда баш-аягы 1 миллион 491 миң бала билим алат. (BTo)
Дагы караңыз
Германия Ирандын консулдуктарынын баарын жаптыОрунбеков “Клооптун”, Темировдун иликтөөлөрүн, Аспековдун видеосун "каралоо" деп атады Саясатчы Бекназаровдун абактагы мөөнөтү 2-январга чейин узартылды Испанияда селден каза болгондор 160 адамга жакындап, үч күндүк аза күтүү жарыяланды Туу боюнча иш козголгон активист Жоробековго 70 миң сом айып салындыТашов УКМКнын тергөө абагынан 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганы айтылды Президент өлкөдө кылмыштуулук 50% азайганын билдирди Пхеньян баллистикалык ракета сынаганын жарыялады