Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:05

Орунбеков “Клооптун”, Темировдун иликтөөлөрүн, Аспековдун видеосун "каралоо" деп атады


Дайыр Орунбеков.
Дайыр Орунбеков.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооп” басылмасынын, журналист Болот Темировдун иликтөөлөрүнө жана абактагы активист Мелис Аспековдун кайрылууларына жана аны жарыялап жаткан активист Тилекмат Күрөңовго байланыштуу пикирин билдирди.

Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында аларды “репутациясы шек жараткан” деп атап, “президент жана анын жакындарына каралоо болуп жатат” деди.

“Алар бир учурда эле “Президент жана анын үй-бүлөсү элдин байлыгын басып алды, тоноп жатат”, – деген мазмунда окшош багыттагы каралоо материалдарын жарыялап пайда болушту. Булардын жарыялаган материалдарында бир дагы далил, тастыкталган документ жок. Болгону, “ушинтип уктук, элдер айтты, ошондой деп ойлойбуз”, – деген ушактар менен даярдалган”, - деп жазды.

Ал айыптоолорго жооп катары Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин 2020-2024-жылдагы сандарын, бажы кирешесин көрсөткөн. Мыйзамсыз алынган мүлктөр мамлекетке кайтарылып, жүздөгөн курулуштар жүрүп жатканын белгилеген. Өлкөдө ири долбоорлор башталып, тышкы саясатта жетишкендиктер болуп жатат деп жазды.

Орунбеков Мелис Аспековдун бир нече жолу соттолгонун, Болот Темировдун сыртка чыгарылганын, “Клооп” сайтына Кыргызстанда чектөө коюлганын, Тилекмат Күрөңовдун өлкөдөн качып кеткенин белгилеп, президент “ушундай ушакчыларга алаксыбагыла” деген деп жазды.

31-октябрда “Клооп” жана журналист Болот Темиров Бишкектеги ири “Мадина” базары жөнүндө биргелешкен иликтөө чыгарышты. Иликтөөчүлөр өз материалдарында кримтөбөл Камчы Көлбаев атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин ага байланыштуу кармалган ишкер Турсунтай Салимовдун “Мадина” базары жана анын жанындагы 32 гектардай жер президенттин жакын адамдарына катталган компанияларга өтүп кеткенин белгилешкен.

АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) Фейсбуктагы баракчасына абакта жазасын өтөп жаткан Мелис Аспековдун видеолорун жарыялап жатат. Видеокайрылууда Аспеков 2020-2024-жылдардагы саясий окуялар, анын ичинде октябрь окуяларына, былтыр кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчыбек Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынганына, Райымбек Матраимовдун Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилгени жөнүндө айтып жатат.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. Активист бул айыптарды четке каккан. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG