Кыргызстандык мигранттардын өлкөгө киргизилбей жапырт депортацияланышы мамлекет башчысы Садыр Жапаров Орусиянын Казан шаарында БРИКС уюмунун саммитине катышып жаткан учурга туш келди.
"Документтерден мурда телефондорду текшерди"
22-октябрда саат Ош-Москва багытындагы SU1899 номурлуу каттамдагы учак менен Москвага учуп барган кыргызстандык жаран Камчыбектин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бир эле каттамдан 70тей киши чек ара көзөмөлүнөн өткөн эмес:
"Чек арачылар документтерден мурда эле телефондорду текшерди. Мен телефонумду негизи эле тазалап, ашыкча нерселерди өчүрүп турчу элем. Менден "Эмнеге кат жазышуу тарыхын өчүрдүң? Эмнелерди сүйлөшөсүң?" деп сурады. Ошол боюнча телефонду бир күн кечке берген жок, паролун сурап, алып калышкан. Колубуздагы жүгүбүздү текшерген жок, тапшырган жүгүбүздү көрө элекпиз".
Кырк чакты адам эртеси, 23-октябрда Оштон, Бишкектен барган учактар менен артка кайтарылган.
"Тамакты дээрлик бир суткадан кийин берди. Чек арачылар бизге "20 жылга чейин кайра кирбей турган болуп депортацияландыңар" дешти. Себебин сурасак, "Орусиянын коопсуздугун сактоо максатында" деп айтышты. Башка эч кандай маалымат берилген жок. Кеткендердин колуна деле эч кандай кагаз бербей жатыптыр, учакка отургандан кийин деле бербей, узатуучу кыздарга берет окшойт".
Камчыбек ушул тапта да аэропортто Ошко алып кетүүчү учагын күтүп отурат. Анын колуна 26-октябрда кете турганы тууралуу кагаз тийген.
24-октябрь күнү Москванын Шереметьево аэропортунда 22-23-октябрда Бишкек - Москва, Ош - Москва багытындагы SU1883, SU1887, SU1895 номурлуу каттамдары менен Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар Орусияга киргизилбей кармалып турганы кабарланды.
Кыргызстандык жарандардын Шереметьево аэропортунда артка кайтарылганы тууралуу маалыматтардан кийин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, бул маселе көзөмөлдөнүп турганын маалымдады.
"Азыркы кезде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш орусиялык тарап менен бирге жүргүзүлүп жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москванын аэропортторунда кармалып турган жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, алардын жакынкы каттамдар менен мекенине кайтып кетүүсүнө жана тамак-аш жагынан камсыз болушуна байланыштуу маселелерди чечүү аракеттерин жүргүзүүдө. Орусия тараптын берген маалыматына караганда, бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө көзөмөл күчөтүлгөн ", - деп кабарлады министрлик.
Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар буга чейин да катталган. 5-октябрда Ош-Москва каттамындагы учак менен Москвага барган жүргүнчүлөрдүн 40 чактысы Орусияга кире албай калган эле.
"Бийлик теңата боло албай жатат"
Тышкы иштер министрлиги бул маселе мамлекет аралык кызматташтыктын бардык деңгээлинде көтөрүлүп жатканын да кошумчалады. Буга чейин дагы мигранттар маселеси мамлекеттин жогорку жетекчилери тарабынан көтөрүлүп келүүдө.
Президент Садыр Жапаров 8-октябрда Москвада КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин чакан форматтагы жыйынында мигранттардын укуктарын чектөөгө байланыштуу маселени көтөргөн.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушууда мигранттардын маселесин козгогонун парламент 23-октябрда кабарлады.
Мигранттарга байланышкан соңку окуя Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын Казан шаарында өтүп жаткан БРИКС уюмунун саммитине катышып жаткан учурга туш келди.
Мигранттарга кысым дал ушул саммитке тушташ болуп жатканын айрым талдоочулар Москванын атайын кадамы да болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.
Мигранттардын укугун коргоп жүргөн юрист Мирлан Токтобаев Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын маселесин кыргыз бийлиги тиешелүү деңгээлде көтөрө албай жатат деп эсептейт:
"Акыркы учурларда Орусияга чек арадан ары өткөрүлбөй, кире албай калган кыргызстандыктар көбөйдү. Биздеги маалыматтарга караганда, жарым жылга жетпеген убакта минтип кире албай, артка кайтарылган кыргызстандыктардын саны 20 миңге чукулдады. Биз иликтеп көрсөк, көпчүлүгү 20-30, атүгүл 60-70 жылга чейин кире албай турган болуп чыгарылган. Орусия бүгүнкү күнү мигранттардын агымын токтотуу аракетин дин маселесинен улам жүргүзүп жатканы белгилүү. Ошондуктан биздин бийлик Орусиянын мамлекет башчылары менен мигранттар маселесин жакшылап сүйлөшүп, чечүүгө тийиш".
- Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эл аралык миграция уюму менен чогуу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянып, 2023-24-жылдары Кыргызстанга кайтып келген мигранттардын саны 85% өскөнүн кабарлаган. Маалыматка ылайык, кайтып келген өлкөгө кайра миграцияга барган жарандардын саны эки эсеге азайган.
Быйыл сентябрда президенттин администрациясы өлкөдө жумушчу күчү жетишпей жатканын, курулуш, тигүү, тейлөө жана башка тармактарда маяналар жакшырганын белгилеп, Орусиядагы кыргызстандык мигранттарды мекенине кайтууга чакырган.
Миграция темасы боюнча эксперт Мирбек Маматкасым Орусияга барып акча тапкан учур өткөнүн, ошондой эле айлыкты Кыргызстандын өзүндө табууга болорун белгиледи:
"Согушуп жаткан өлкөгө эмгек мигранты болуп барыштын кереги жок. Муну биздин жарандар түшүнбөй койду. Канча жараныбыз депортация болушту, аэропорттон кире албай канчасы келди. Мигранттарга жасалып жаткан катаал мамилени деле көрүп атышат. Бирок кайра эле Орусияга баргысы келет. Жумушсуздуктан улам барышат дейин десең, Кыргызстанда деле жумушчу күчү жетишпей жатат. Мисалы, курулуш, тигүү, тейлөө тармагында жалаң эле чет өлкөлүктөр иштеп жүрүшөт. Бангладеш, Пакистан, Өзбекстандын жарандары иштеп жатышат. Алар деле так эле Москвадагыдай чогулуп, акчасын үнөмдөп, үйүнө жиберип жашап атышат. Биздин жарандарыбыз деле ушинтип өзүбүздө эле иштешсе болот. 50-60 миң сом айлыкты бул жерден таап, жашоосун жакшыртса болот. Кыргызстандагы адам күчүнө, эмгекчи ресурсуна муктаждыкты өзүбүз жапсак болот".
Быйыл март айындагы Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым күчөдү.
Орусиянын бир катар аймактарында мигранттардын ишмердүүлүгү чектелди. Мамлекеттик думанын айрым депутаттары буга дейре мигранттардын үй-бүлөлөрүн алып келүүсүнө тыюу салып, алардын балдарын мамлекеттик мектеп, бала бакчаларга кабыл албоону да сунуштаган.